Жасалма диплом алган Болот Сүйүмбаевди кандай жаза күтөт?

Мурдагы УКМК төрагасынын орун басары, учурдагы финполдун жетекчиси Болот Сүйүмбаевдин жогорку билимдүү экенин тастыктаган диплому жасалма экени коомчулукка белгилүү болуп калды. Муну Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясынын ректору Токтобек Иманалиевдин маалымат булактарынын бирине билдирген комментарийи да тастыктап турат. 

Анын айтымына караганда, Б. Сүйүмбаев аталган окуу жайга 1987-жылы эле тапшырып, эки ирет окуудан айдалган. Анан Алмазбек Атамбаевдин президенттик доорунда 2012-жылы үчүнчү ирет кайрадан окуусун калыбына келтирген. Баарынан таң калычтуусу, ошол кайрадан окуусун калыбына келтирген жылы эле 5-6-курстарды заматта “окуй” салып, колуна диплом кармап калган. Албетте, ректор Т. Иманалиев Б. Сүйүмбаевдин диплому жасалма эмес деп “Акыркы эки курсун, башкача айтканда 5-6-курстарды «экстерн» менен бүтүрүү боюнча президенттин аппаратынан, министрликтен өтүнүч каттар бар экен. Анан окууну «экстерн» менен бүткөн, окуу китепчесинде баалары турат”, — деп актагысы келет. Бирок, ошону дагы Б. Сүйүмбаев өзү барып окуп, өзү барып экзамендерди тапшырып баа алганына ишенүү өтө кыйын. Баардыгы ошол убактагы президенттин көрсөтмөсү менен заматта эле жасалып калганын түшүнбөй калуу мүмкүн эмес.
Андыктан жасалма диплом алган адам мыйзам боюнча 7 жылга чейин эркинен ажыратылат экен. Ошол эле убакта мамлекеттик чиндеринен да ажыратылат. Андан тышкары мамлекеттик кызматтарда туруп, канча айлык акы алган болсо, анын баарын кайра эселеп кайтарышы керек. Дагы бир берене боюнча жасалма документтерди жасоо “шылуундук” деп саналып, 3 жылдан 5 жылга чейин эркинен ажыратуу каралат. Ошондо Б. Сүйүмбаев жалпысынан бери эле дегенде 10 жылга эркинен ажыратылышы керек болот.
Буга чейин Атамбаевдин шоопуру Икрамжан Илмияновдун да диплому жасалма экендиги тууралуу кеп болгон. Андыктан муну да казып чыгуу керек. Андан башка үлкөн кызматтарды аркалаган жансакчыларынын да жогорку билимин тастыктаган дипломдору кандай жол менен алынганын аныкташ керек. Эгерде мунун баарына көңүл кош гана мамиле кыла турган болсок, анда келечекте дипломду сатып алган билимсиздердин торуна түшүп калышыбыз мүмкүн.

БУЛАК: maalymat.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу