Жасагыңыз келбеген ишти кантип баштаса болот?

Кээде аткара турган иш көп болсо да моюнуңуз жар бербей, ошол ишти баштай албай каласызбы? Мындай жагдайда эмне кылыш керек? Биз бир нече ыкманы сунуштайбыз.

Пландаңыз

А бир күн сайын эртең менен план куруңуз. Күнү бою иштеген ишиңизди жазып алыңыз.

Көңүл буруңуз

Тоготпой коюу менен беймарал журө берүүдөн арылуу үчүн болгон көңүлүңүздү жумушка салыңыз. Пландагы иштерди биринин артынан бирин аткарыңыз.

Эң маанилүүсүн тандаңыз

Майда-чүйдө иш менен убакытыңызды кетирбей, ичиндеги эң маанилүүсүн тандаңыз.

Перфекционизмден баш тартыңыз

Перфекционистердин эч качан өзүнө же иштеген ишине көңүлү толбойт. Алар кичинекей иштердин өзүнө көп күч жумшашат. Ал ар бир кичинекей нерсени төөдөй кылат.

Дем алыңыз

Күчүңүздү кайра калыбына келтириш үчүн дем алып отуруу кажет. Ар бир саат сайын беш мүнөт бойду жазып, эс алганды адатка айлантыңыз. Жумуштан кийин толуккандуу дем алуу зарыл.

БУЛАК:zaman.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу