Жарым кылымдан бери популярдуулугун жоготпогон “Фаридамдын” тарыхы

Бир убакта Асылбек Өзүбековдун аткаруусундагы “Фаридам” аттуу чыгарма популярдуу болуп, элдин жүрөгүнөн түнөк тапкан ырлардын катарында эле. Учурда Алмаз Шаадаев дал ушул ырга жаңы өмүр берип, кайрадан ырдап чыккан кези. “Жүрөктөн чыккан ыр – жүрөккө жетет” демекчи, аталган ыр бүгүнкү күнгө чейин популярдуулугун жоготпой келет. Жаштыктын, сүйүүнүн саптарын камтыган ыр кандайча жаралган? Ырдын тарыхы тууралуу кенен маалымдайбыз.

Ырдын автору Тынарбек Аманов тууралуу маалымат

Айтылуу Аксыда атагы алыска кеткен далай залкар таланттар өткөн. “Фаридам” ырынын автору Тынарбек Аманов дал ушул таланттардын мекенинде, кыргыз жеринин бермети болгон Сары-Челек көлүнөн алыс эмес жайгашкан Кызыл-Туу айылында төрөлгөн.

Кичинесинен таланты байкалып, “Өмүр бою өнөр секисинде жашасам, сахнада өзүбүздүн гана эмес, дүйнөлүк классиктердин өздөрү, алардын каармандары менен көрүшсөм” деген Аманов орто мектепти аяктаган соң, Москвадагы театр институтуна тапшырат.

Аталган окуу жайга институттун ректору СССР мамлекеттик сыйлыктын лаурэаты Матвей Алексеевич Горбунов, СССРдин эл артисттери М.Рыскулов, Б.Кыдыкеева, Д.Күйүковалардын сынынан өтүп, окуп калат.

Окууусун бүтүп келип Ош кыргыз драм театрында эмгектенип, 80ге жакын образдарды жараткан.

Ошондой эле 10го жакын  “Фаридам”, “Сары-Чеелектик селкиге”, “8-маршрут”, “Бала-чак”, “Кайдасың” сыяктуу обондуу ырлардын автору.

Ислан Аманов, Тынарбек Амановдун уулу: “Атам бул ырды чынында эле Фарида аттуу сүйгөнүнө арнап жазган экен”

— “Фаридам” – 1972-жылдары жазылган ыр экен. Атам мектепти аяктаар кезинде коңшулаш айылда жашаган Фарида аттуу кызды жакшы көрүп калган болот. Анда заман башка болчу да. Азыркыдай ачык-айкын кыз-жигит катары жолукпаганы менен, тымызын кат алышып, сүйүшкөн экен. Ошентип жүрүп атам окуусун аяктаган соң, Москвага окууга кетип калат. Кайтып келген соң Фарида башкага турмушка чыгып, бала-чакалуу болуп калган болот. “Керемет чыгармалар чыныгы сүйүүнүн азабынан, жыргалынан жаралат” дешет го, аны сыңарындай сезимдерин жашыра албаган атам, балалык сүйүүсүн обонго салып, атайын Фаридага арнап ыр жазып, гитаранын коштоосунда аткарып жүрөт. Ондогон обондуу ырларынын ичинен ушул чыгарма элдин жүрөгүнөн орун таап, 40 жылдан бери ырдалып келет. Буга чейин Асылбек Өзүбековдун аткаруусунда жаңырып келсе, жакынкы күндөн баштап Алмаз Шаадаев аттуу ырчы жигит жаңылап ырдап чыкты. “Аир бир аткаруучу ырдын авторун баса белгилеп койсо…” дегим келип турат. Анткени, бул ырдын автору Тынарбек Аманов экенин ар бири эле биле бербесе керек. Улуу муун билет, ал эми жаштардын көпчүлүгү автор катары Асылбек Өзүбеков деп билишет экен.

 

Асылбек Өзүбеков, актёр, ырчы: “Кайда барбайын “Фаридамды” ырдатмайын коё беришпейт эле…”

— 1974-жылы Ош шаарындагы театрга концерт көпгөнү барып, ошол жактан 1-жолу “Фаридамды” Тынарбек Амановдун аткаруусунда уккам. Ал убакта Москвадан жаңы эле окууну бүтүп келишкен Тынарбек Аманов, Дүйшөн Байдөбөтов, Муканбет Токтобаевдердин таланттары ташкындап, “Миң Кыял” деген топ түзүп, спектакльден сырткары ансамбль менен ырдап турган кездери экен. Ырды алгач укканда эле жүрөгүмө жакын кабыл алып, балалыктагы алгачкы сезимди ойготкон, өзгөчө ыр экенин баамдап, баалагам. Ошондон кийин ал ырды жактырып, калып, 1975-жылы Ташкентке театралдык институтта окуп жүргөн кезимде колго гитарамды кармап алып, “Фаридамды” тар чөйрөдө ырдап жүрдүм. Кайсы улуттун өкүлү болбосун, бул ырды бир уккан адам кайра суранып, кайда барбайын “Фаридамды” ырдатмайын коё беришпейт эле. Айрыкча өзбек кыздардын, “Ака-а, “Фаридамды” айтып бери-иң” дегендерин эстесем азыр да бир жылмайып алам (күлүп). 1990-91 жылдары болсо керек эле, Шайлообек Дүйшеевге кайрылып, ырдын анча-мынча жерлерин оңдотуп, жаңылап, синтезатордун коштоосунда ырдап чыктым. Ош шаарына концерт коюп барганда, Тынарбек байкем сөзсүз көрүүчү катары келип отурчу эле. Мен болсо сахнадан, “Мына азыр “Фаридамды” ырдайм, алгач, автору менен тааныштыра кетейин” деп Тынакемди тургузуп, ыраазычылык айтканда, элдин баары дүркүрөтө кол чаап калышчу. Анда ал аябай толкунданып, элге жүгүнүп, ырды эргүү менен угаар эле.

Мына жакынкы эле убакта Алмаз Шаадаев аттуу ырчы жигит, “Асылбек байке, ушул ырды абдан жактырып, ырдагым келип жүрөт. Менин аткаруумда жаңыруусуна уруксат бересизби?” деп кайрылды. Мен дароо эле макул болдум. Бирок, обонун, сөзүн өзгөртпөй ырдоосун эскерткем. Мага Алмаздын жаңылап ырдап чыкканы жакты, купулума толду, бирок, бир нерсени эске албаптыр. Учурдан пайдаланып жалпы жаш аткаруучуларга айта кетейин, көпчүлүгү эске ырларды жаңылап ырдап жатышат, бул – сүйүнүчтүү. Өкүнүчтүүсү, ошол ырынын клибинин бир бурчуна автордун атын жазып коюуну кызганышат да!.. Клип тарткан студиянын, өздөрүнүн атын бажырайтып жазышат дагы, чыгарманын автору көмүскөдө калып кетет. Ал эми “Фаридам” чыгармасы тууралуу айтсам, бул ырда жаштык бар, сүйүү бар, балалыктагы алгачкы сезимди эске салган эргүү бар, ошондуктан элдин жүрөгүнө жетип жатат. “Бул ыр дагы да көп жашайт. Ар бир угармандын жүрөгүнөн түнөк таап, эл арасында түбөлүккө ырдалып кала берет” деген ишеничим зор!

 

Алмаз Шаадаев, ырчы: “Ырдын автору Тынарбек Аманов экенин кийин билдим”

— Мен бул ырды кичинемден эле сүйүп укчумун. Ырчы болгондон тарта жаңылап ырдап чыгууну кыялданып жүрчүмүн. Чынын айтсам, аталган чыгарманы Асылбек Өзүбековдун аткаруусунда уккандыктан, аны автору деп ойлоптурмун. Көрсө, ыр Тынарбек Аманов агабыздыкы экен. Негизи ырдын аранжировкасы даяр болгондо эле өзүмчү ырдап көрүп, хит болооруна ишенгем. Учурда тойлорго жалаң “Фаридамды” аткарып берүүмдү суранып, чакыргандар көп. Бул ыр аркылуу элге дагы да болсо кененирээк таанылдым деп ойлойм. Учурдан пайдаланып, бизге ушундай мурас калтырып кеткен авторлорго ыраазычылык билдирем!

 Булак: gezit.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу