Жарылуудан улам «Боруссия» — «Монако» беттеши бир күнгө жылдырылды

Шейшемби кечинде Германиянын Дортмунд шаарындагы «Боруссия» футболдук клубунун автобусунун жанында жарылуу болуп, команданын коргоочусу Марк Бартра жаракат алды. Клубдун жетекчилиги жарылуу футболчулар жайгашкан мейманкананын алдында болгонун билдирди.

Дортмунддук клубдун маалыматы боюнча команданын автобусунун эки жери зыянга учураган. Стадиондун өкүлү Норберт Дикель (Norbert Dickel) оюнду көрүүгө келген күйөрмандарды дүрбөлөңгө түшпөөгө чакырды. «Стадиондо дүрбөлөңгө түшүүгө эч кандай себеп жок», — деди ал.

Анткен менен жарылуудан көп өтпөй жергиликтүү «Боруссия» жана франциялык «Монако» клубдарынын ортосундагы беттешти 12-апрелге жылдыруу чечими кабыл алынып, полиция стадиондогу коопсуздук чараларын күчөттү.

Командалар 11-апрелде Чемпиондор лигасынын чейрек финалдык оюндарынын алкагында беттеш өткөрүшмөк.

Эскерте кетсек оюн бүгүн Бишкек убактысы менен 22:45 те башталат.

Булак: Аргумент.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу