Жаркынай: «Жигитимди катуу сүйөм. Ысытма окутуп алсам зыян болбойбу?»

Бир адамды чын жүрөктөн сүйүп калдым. Башында экөөбүз жакшы сүйлөшүп жүрдүк. Кийинчирээк ал мага такыр жазбай, чалбай жоголуп кетти. Эмне үчүн экенин билбейм. Аны аябай жакшы көрөм. Канча аракет кылсам дагы жыйынтык жок.

Өзүм аябай сулуу же арык болбосом дагы, таза, тыкан жүрөм. Окуу жайда жакшы окуп, өз алдынча кайрымдуулук иш-чара өткөрөм. Бир дагы жаман сөз айткан эмесмин. Чегип, ичип же көчөдө көп баскан кыз эмесмин.

Эмне үчүн мени таштап кетти? Бир эже “ысытма окутуп” ал деди, бирок аябай кудайдан корком. Кандай кеңешиңиздер бар?

Бермет Уланова Гештальт-консультант

Окурман, эмне себептен мамиледен алыстаганы белгисиз бойдон экен. Ортодогу көйгөйлөрдү талкуулап, мамилени аягына чыгарып, чекит койбоптурсуздар. Оюңузду, көз карашыңызды, сезимиңизди айтууга мүмкүнчүлүктүн болбогону өкүндүрөт.

Кеңешим, айта албаган сөздөрүңүздү кагаз бетине түшүрүп, учурдагы эмоцияңыз менен жашап, өткөндү унутуңуз. Болбосо, психологдун жардамын сунуштайм.

Сизди курчап турган кимдир бирөөлөр үчүн өзүңүздү “жакшы” кыз көрсөтүү аракетин көрүп, актанып жаткандай таасир калтырып жатасыз. Жасалма болбоңуз, жагууга араткет жумшабаңыз жана ага жолугуунун дагы кереги жок.

Балага канчалык көп мүмкүнчүлүк берсеңиз, анын сизге болгон кызыгуусу кетет. Ал сизге жетүүнү оңой ойлоп, барктабайт.

Жигиттин сизге кымбат болуп жатканынын бирден бир себеби сиз андан эмес, ал сизден баш тартып кенкендигинде болушу ыктымал.

Сизге суроо: Алыстоого чейин, ага болгон сезимдериңиз кандай эле? Сиз үчүн кымбат адам беле?

Эсиңизде болсун, кол жеткис, баалуу болсоңуз, адам сизге тартылат. Өзүңүздүн өркөндөтүүнүн үстүндө иштөөнү сунуштайм. Ийгилик!

Булак: «bilesinbi.kg»

Аргумент.kg
Жооп калтыруу