Жапонияда зилзалада каза тапкандардын саны 27ге жетти

Жапониянын Хоккайдо аралындагы жер титирөөдө каза болгондордун саны 27ге жетти. 13 кишинин дайыны чыкпай жатат. Бул тууралуу ишемби күнү жапон өкмөтүнүн баш катчысы Ёсихидэ Суга Токиодогу маалымат жыйында билдирди. Анын айтымында, куткаруу-издөө иштерине 40 миңден ашуун куткаруучу, полиция кызматкерлери, коргоо күчтөрүнүн өкүлдөрү жана кырсыктын кесепетин жоюуга 75 тик учак тартылды.

Жапониянын Хоккайдо аралында бейшембиде «Жэби» тайфунуна удаа кубаттуу жер титирөө болгон. Анын күчү очогунда 6,7 баллга жеткен.

Абира, Ацуми шаарларынан тартылган видеодон зилзаладан кийин жерден жарака кетип, жер көчкү жүрүп үйлөрдү басып калганы, жарым- жартылай ураган имараттар көрүнөт. Андан 300дөй киши жабыркады.

Булак: Азаттык 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу