Жапаров: «Жөлөк пулду бай үй-бүлөлөр алып, кембагал үй-бүлөлөр унутулуп калды»

Бүгүн, 27-декабрда, парламенттин жыйынында депутат Акылбек Жапаров, бай үй-бүлөдө төрөлгөн ымыркайларга бир ирет берилчү «балага сүйүнчү» жөлөк пулун чегербөөнү сунуштады.

Ал, балдардын жөлөк пулдары тууралуу мыйзамда кемчиликтер бар деп эсептейт.

«Башкача айтканда, демейдегидей эле бул мыйзам аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн турмушун жакшыртууга багытталган жок. Мыйзамга ылайык жөлөп пулдар бардар үй-бүлөнүн балдарына берилип, ал эми кедей үй-бүлөлөр кайра эле мамлекеттин колдоосу жок калууда. Жөлөк пул ар бир балага берилиши үчүн мыйзамга оңдоолорду киргизүү керек»,-дейт ал.

Эске салсак, буга чейин өкмөт 3 айга мөөнөтүн жылдыруу тууралуу документтин долбоорун парламенттин кароосуна киргизген. Балдардын жөлөк пулдары боюнча мыйзам 2018-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирмек.

21-декабрда парламент документти биринчи окууда жактырган. Бүгүн, 27-декабрда депутат Сайдулла Нышанов мыйзамдын күчүнө кирүү мөөнөтүн алты айга жылдырууну сунуштады. Башкача айтканда, өкмөт төмөнкү жөлөк пулдарды берүү мөөнөтүн узартууну сунуштады:

  • Ар бир балага (3 жашка чейинки) ай сайын бериле турган «балага жөлөк» жөлөк пулу: айына 700 сом;
  • 3 же андан көп (3төн 16 жашка чейинки балдар) баласы бар жарандарга ай сайын берилүүчү «үй-бүлөгө көмөк» жөлөк пулу: айына 500 сом;
  • Пенсиялык камсыздандырууга укугу болбогон жактарга ай сайын бериле турган «социалдык жөлөк пул».

Январь айынан тартып бир жолу бериле турган «балага сүйүнчү» жөлөк пулу берилет (4000 сом).

Мыйзамдын жаңы редакциясы боюнча, ай сайын берилүүчү жөлөк пулдарды, 3-16 жашка чейинки 3 же андан көп баласы бар үй-бүлөлөр алат.

Буга байланыштуу, Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин алдын ала эсептөөсүнө ылайык, мыйзам күчүнө киргенден кийин, 30 бала жашаган 16 миң үй-бүлө, кийинки жылдын ичинде жөлөк пул алуучулардын тизмесинен чыгарылат.

Бул тизмеден чыгарылган балдар негизинен, 3төн жогорку курактагы бир же эки баласы бар, орточо жалпы кирешеси 900сомдон төмөн болгон аз камсыз үй-бүлөлөрдүн балдары эсептелет.

Булак: barometr.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу