Жапаров журналисттер кирешесин ачыктасын дейт…

ЖК депутаты Акылбек Жапаров кечээ, 19-апрелдеги ЖК жыйынындагы «Жалпыга маалымдоо каражаттары тууралуу» мыйзам талкуусу учурунда журналисттер жана ЖМК ээлери кирешеси тууралуу маалыматты ачыктасын деди. «Журналисттердин укугун чектеш керек. Булар рэкет болуп бүттү. 100 доллар сурап келет, кайра 500 доллар сурайт. Бербей койсоң, гезиттерине шыбашат. 500 доллар берсең, 5 миң доллар сурашат. Буларды тыйбасак болбойт, журналистгердин кирешесин текшерели» деп айтты Акылбек Жапаров. Миң нускага жетпеген гезиттердин редакторлору кымбат машине минип, заңгыраган үйлөрдө жашап жатканы алардын ишинде көмүскө бизнес бар экенинен кабар берерин айтты. Жоон топ журналисттердин арасында акча талап кылып, арам оокат жасагандар да жок эместир. Бирок Акылбек Жапаров ошол акча талап кылгандар кимдер экенин ачыктаса болмок. Ал эми жалпы журналист журтчулугуна минтип көө жапканы жакшы көрүнүш эмес. Кийинки кездери жалпыга маалымдоо каражаттарына бийлик бутактары тарабынан кысым көрсөтүү, бут тосуулар арбып бара жатат. «Азаттык» үналгысына, «Заноза» сайтына жана башка журналисттерди сот жоопкерчилигине тартып жаткан бул күндө депутат Жапаровдун айткандары өзүнө бийлик тарабынан кошумча упай топтоп алуу ишараты катары бааласа болот.

Булак: “ПолитКлиника”

Аргумент.kg
Жооп калтыруу