ЖАПАРОВДУ КОЛДОГОН МИТИНГДЕ БАШАЛАМАНДЫКТЫ ПРОВАКАТОРЛОР УЮШТУРГАНЫ АЙТЫЛДЫ

Экс-депутат Садыр Жапаровдун тарапташтарынын сотунда күбө Келдибек Аскаралиев митинг учурунда башаламандыкты провакатролор уюштурганын билдирди.

«Биз митингге келгенде баары тынч болчу. Концерт болуп жаткан. Мен укук коргоочу катары мониторинг жүргүзүп жаткам. Бир нече убакыттан кийин спорттук дене түзүлүшүндөгү 15-20 бала келди, булар милиция кызматкерлери окшойт. Алгач алар көпчүлүктүн арасында жүрүшкөн, кийин милицияга таш ыргыта башташты. Ошол маалда милиция митингчилерди кармай баштады. Бирок айыпталуучулардын арасында алар жок экен»,-деди Келдибек Аскаралиев.

Эске сала кетсек, 25-мартта Садыр Жапаров Кыргызстанга келип УКМК тарабынан кармалган. Аны колдоп УКМКнын алдындагы митингде чыккандардын ичинен 105 адам кармалган. Алардын ичинен 64ү 2 суткадан 5 суткага чейин убактылуу кармоочу жайга камалып, мөөнөтү бүткөндө бошотулган.  Кармалгандардын 12сине “бейбаштык”, “милиция кызматкерине кол көтөрүү”, “бирөөнүн мүлкүн сындыруу” беренелери боюнча кылмыш иши козголгон.

Камакка алынгандардын арасында Садыр Жапаровдун иниси, агасы жана баласы бар.

Булак:Каганат

Аргумент.kg
Жооп калтыруу