Жапаровдун тамыры кысылбай эле, жайылып барат го?

Жуманын башында Эльдар Алишеров деген эме Экономика министринин орун басарлыгына дайындалды. Ошол эле күнү NazarNews. kg булагы жаңы зам. министр тууралуу төмөндөгүдөй пикирин жазыпчыкты: «Эльдар Алишеровдун бул кызматка кандайча келип калганы көптөгөн суроолорду туудурду. Топтолгон маалыматтарга таянсак ал ЖК депутаты Акылбек Жапаров менен бизнесте да, мамлекеттик жумушта да тыгыз байланышта болуп келгенин көрсөтөт.

Маалыматтар боюнча, Э. Алишеров 2010-жылы депутат Акылбек Жапаровдун жардамчысы болуп иштеген, 2014-жылы кайра эле А. Жапаровдун жардамчысы кызматтарын аркалаган. Мындан тышкары, ишкер катары А. Жапаров экөөнүн бизнесте да чогуу келатканы маалым. Э. Алишеров мурда “Глобалико Холдинге” ЖЧКсынын жетекчиси болуп иштеген жана бул компания А. Жапаровго тиешелүү “Дамас” мейманканасын айнектегени менен белгилүү. Анын бул компаниясы менен А. Жапаровдун “Дамас” мейманаканасы бир даректе – Жумабек көчөсү, № 107 де жайгашкан. Учурда юстиция министрлигинин базасында “Глобалико Холдингстин” жетекчиси катары Уланбек Абыкеев катталган. Э. Алишеров менен У. Абыкеев “Келечек Эл” партиясынын негиздөөчүлөрү да болушат» аталган сайт.

Эльдар Алишеров мындан тышкары дагы эки компанияга ээлик кылат, ЖЧК «Альфатроникс» жана «Илбирс-Секьюрити» аттуу кайтаруу-детективдик ЖЧКсы. «Альфатроникс» ЖЧКсы мейманкана жана ресторандарга ар кандай кызмат көрсөтүү менен шугулданат. Бул компаниянын бизнеси дурус эле шуулдап атканы менен мамлекеттке болгон салыкты тийиштүү деңгээлде төкпөй келгени туурасында да расмий маалыматтар калкып жүрөт. Мисалы, бир жылда 3 миң 695 сом гана «эптеп» салык төккөн. Ошондой эле тилди сындырчу Alfatronix Limited деген компаниянын да «кожоюну» экени айтылууда. Бирок бул туурасында юстиция министирлигинин маалымат базасында көрсөтүлбөгөн. Эльдар Алишеров деген бул кыйын бала учурда мамлекттик масштабдагы «Доступное жилье-2020» деген чоң программанын алкагындагы томен пайыздагы бирок, чо-оң иппотекалык кредит алууга умтулган бирден-бир талапкерлердин бири. Көрдүш, ушундай жап жаш бала ушунчалык ири компаниялардын ээси болгонун. Мындайлар жомокто гана болот, анан биздин Кыргызстанда. Эми ушу бала экономиканы өнүктөрүү министринин замы болуп отуруп калды. Анын мындай даражага жетүүсүнө Абылгазиевдин «мозговой центри» деп эл оозунда айтылып жүргөн, азыркы президенттин будущий кудасы болот экен деп жаткан ЖК депутаты Акылбек Жапаровдун ролу чоң экени коомчулукта айтылып жатат. Кылтакка илинди болуп, кылмыш иши козголду деген А. Жапаровго болсо айла жок экен…

Ошентип, Алишеров Эльдар Туралиевич экономика министринин орун басары болуп дайындалды. Тиешелүү буйрукка премьер-министр Мухаммедкалый Абьшгазиев кол койгонун өкмөтгүн басма соз кызматы билдирди.

Булак: Айгай

Аргумент.kg
Жооп калтыруу