ЖАПАРОВДУН СОТУНДА 2 ӨТҮНҮЧ ЧЕТКЕ КАГЫЛДЫ

Садыр Жапаровдун сотунда мамлекеттик айыпталуучуларды жана соттук процесстин катчысын алмаштыруу боюнча өтүнүчтөрдү сот Эмил Кайыпов канааттандырган жок.

Биринчи май райондук сотунда өтүп жаткан Жапаровдун иши боюнча соттук отурумда айыпталуучунун жактоочулары мамлекеттик айыптоочуга ишенбөөчүлүк көрсөтүшкөн. Буга ал соттук отурумду жылдырууга макул болуп, сот каршы болгондо кайрадан пикирин өзгөртүп жибергени себеп болгон.

Ал эми соттук процесстин катчысы жактоочу Акин Токталиевге сот отурумунун качан болору тууралуу маалымат бербегендиктен ишенбөөчүлүк көрсөтүлүп, аны алмаштыруу талап кылынган.

Эскерте кетсек, Садыр Жапаров ушул жылдын 25-мартында кыргыз-казак чек арасынан кармалып, УКМКга жеткирилген. Эртеси эле, 26-мартта ага карата “адам өмүрүнө коркунуч келтирүү”, “барымтага алуу”, “ээнбаштык”, “бийлик өкүлүнө күч колдонуу” беренелеринин негизинде кылмыш иши козголуп, ошол эле Биринчи Май райсоту тергөө бүткүчө Жапаровду тергөө абагына камакка алуу чечимин чыгарган.

Булак: Каганат

Аргумент.kg
Жооп калтыруу