ЖАПАРОВДУН ЖУБАЙЫ: “ЭМИ МЕНИ ДА КАМАГЫЛА, МЕН ЭЧ НЕРСЕДЕН КОРКПОЙМ!”

Бүгүн, 2-августта Биринчи Май райондук соту Садыр Жапаровду 11 жыл 6 айга эркинен ажыратты. Бул чечимге нааразы болгон экс-депутаттын тарапташтары сот имаратынын алдында ооздорун скотч менен чаптап алышып, нааразычылыктарын билдиришүүдө.

Жапаровдун жубайы Айгүл Жапарова ызага муунуп, ыйлап жатып пикирин билдирди.

“Жолдошумду 11 жылга камап салышты. Кайсы күнөөсү үчүн камалды? Эми мени да камагыла, мен калдым. Түрмөдө балам да отурат. Мен эч нерседен коркпойм”,-деди ал.

Эске салсак, 2013-жылдын 7-октябрында Караколдо “Кумтөр” боюнча меморандумга каршы акция уюштурулган. Анда митингдин катышуучулары өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы өкүлү Эмилбек Каптагаевди бир нече саатка унаада барымтада кармап, андан соң облустук администрацияны курчоого аракеттенишкен.

УКМК Каптагаевди кармап турушкан унаа Садыр Жапаровдун тууганы Б.Куланбаевге тиешелүү экенин жана күбөлөрдүн берген маалыматына ылайык, митингди Садыр Жапаров уюштурганын жана каржылаганын билдирген.

Жапаров акыркы 3 жылда Кипрде жашап жаткан. Ал 25-мартта Казакстандан Кыргызстанга келип, УКМК кызматкерлери тарабынан кармалган.

Булак: Каганат

Аргумент.kg
Жооп калтыруу