Жаныш Майр, актёр: «КОЛУМДАН КЕЛСЕ ТОЙ БЕРБЕЙ, БАЛ АЙЫН БАТКЕНДЕ ӨТКӨРМӨКМҮН»

– Жаныш, элибизге таанымал бойдок жигиттердин катарын толуктайсың. Кыз-жигит мамилесин талкуулабайлыбы?
– Макул, талкууласа талкуулайлы. Досторумдун жарымы үйлөнгөн, жарымы үйлөнө элек. Жашым болгону 28де. Эркектер бул куракта карт бойдок атыкпайт. Бышып турган кезим. Шашып-бушуп үйлөнгөндөрдү да көрүп жатабыз. Кудай өзүбүзгө ылайык түгөйдү тандап койгон. Эми ошону табышыбыз керек. Кээ бирлер ага эрте жолугат, айрымдары кеч табышат. Мен жолуга элекмин. Жолуксак эле мен аны тааныйм, дароо эле «сенсиң» дейм. Ал жакын жерде, тегерек четте эле жүргөнүн сезип турам. Жолугар деп жүрөм.

– Тегерек четте жүрөт деп калдың, чыгармачыл чөйрөдөн деле болушу мүмкүн экен да? «Эл эмне дейт?» долбоорунда жакшынакай кыздарыбыз бар эмеспи…
– Назира Айтбекованы кесиптешим катары урматтайм. Келинди ойногон Алтынайдын жолдошу бар. Даткайым менин карындашым. Ошо, бизде жок. Актанды кыздай кийинтип алып эле таанышып көрбөсөм.
Ушул жашка келгени эркектер өзүнүн болочок жарын табууда ой экиге бөлүнөрүн түшүндүм. Биринчиси, болочоктогу жубайым мындай адам болсо, ушундай аял алсам, ушундай кызды сүйдүрсөм дейт экенбиз. Экинчиси, үйдөгүлөргө кандай келин болот, кийин кандай маселе болбосун мени колдойбу, мен аны бага аламбы, башкача айтканда, кыргызча карайт экенсиң.

– Бардыгы төп келген түгөйүңдү таап, жакында той болорун билебиз. Өзүң да тамада болуп жүрөсүң, үлпөт тоюңда ысырапкорчулукка жол бересиңби?
– Дүйнө жүзү боюнча, менимче, кыргыздар эле үйлөнүү тоюн 2 жолу берет. Мындай карасаң кыз узатуу деле үлпөт той да, туурабы? Кыргыздар азыр аябай ысырап кылып, бири-биринен ашып кычыратабыз деп жатышат. Ушул тууралуу балдар менен өтө көп ойлонгонбуз. Мисалы, кортежди алалы. Биздин салтыбызда мындай нерсе жок болчу, жөндөн жөн эле 20 миң сомду ысырап кылып кошуп алышты. Колумдан келсе мен той бермек эмесмин. Аял алсам нике кыйып, андан кийин ата-энелерибизди, туугандарыбызды алып тоого чыгып, жердин алдына эт бышырып, сүрөткө түшүп, анан бал айына Баткенге кетип калмакпыз.
Ушуга чейин ата-энем ушунча көп тойго барыптыр десеңиз. Бирок биз бир да жолу той бере элек экенбиз. Мен үйдүн улуусумун. Менден кийин иним анан карындашым бар. Анан туугандар биздин үй-бүлөдөн тойду аябай күтүп жатышат.
Бизде «тойго чакырбайсың» деген таарынуулар көп болорун билип жатам. Ойлонуп көрсөм, айрымдары менен ашып кетсе 3 жолу көрүшкөнсүң. Алар менен жолугуп калсаң биринчи кебетең жөнүндө бир нерсе дейт да, анан «эмнени айтсам?» деп ойлонот окшойт, тойго чакырбагандыгымды айтып таарынып коёюн деп чечишет. Ошондойлорго алдын ала айтып коёюн, мен тойго чакырбайм, силер таарынбагыла.

– Көлдүн сезонун ачып, интернеттеги баракчаңа «2018-жылдагы көл сезонун ачык деп жарыялайбыз» деп сууга түшүп жаткан видеону жүктөпсүң… Азыр май айы, суу муздак эмеспи?
– Орозо эртең башталат деген күнү көлдүн жээгинен машина менен өтүп бара жатып сезонду ачып алдым. Сууну жакшы көрөм, көргөн сууга түшө берем, муздакпы, муздак эмеспи карабайм, анан Ысык-Көлгө кантип түшпөй коём?

– Канча досуңа күйөө жолдош болгонсуң?
– Бир ай мурун Жумгалбек деген классташ досума күйөө жолдош болдум, биринчи жолу. Ошентип күйөө болгонго бир кадам калды. Кыз-күйөө коноктордон өйдөрөөк жерде отурат эмеспи. Баары алаканга салып койгондой көрүндү. Ким тамак ичкени, ким бийлеш үчүн келгени, кимдин сынап отурганы, баары байкалат экен. Программа боюнча эмне кылса болот, кыскасы, өз тоюма жакшы тажрыйба алдым.

– «Социалдык тармактарда отурбайм, баракчаларымды өчүрдүм» деп жаттың эле, кайра эле пайда болдуң, эмнеге?
– Мага социалдык тармактардагы адамдардын жүрүм-туруму жакпай баштады. Сүрөтүн илген адамдын чыныгы жашоодогу абалы андай эмес. Ал өзүн кандай көргүсү келсе ошондой сүрөткө түшөт. Анын үстүнө достор бири-бирибиз менен сүйлөшпөй баштадык. Анын сүрөтүн көрүп «ии, жакшы жүрүптүр» деп ойлойсуң. Балким, анын жашоосунда маселе болуп жаткандыр, мен аны билбей калат экем. Андан сырткары маанайды бузган негативди көп жазабыз. Кыргыздар бул жагынан элпекпиз. Ийгилик каалагандын ордуна жакпаган жерин баса калып жазганга маштыгыбыз көңүл оорутту. Үчүнчүсү, социалдык тармактар ушактын чыгышына себепчи болот экен. Мен ушакты өтө жаман көргөн адаммын. Бир күнү эсиме келе түшүп, SIM-картаны жөнөкөй телефонго салып, интернет тиркемеси бар телефонумду сатып салдым. Убактыбыз бир аз кызыксыз болуп бара жатканда эле телефон чукулап, мээбизди керексиз маалымат менен азыктандырып саларыбызды түшүндүм, күндүн узундугун билдим. Телефон чукулабай калсаң адамдар менен сүйлөшкүң келип баштайт тура. Үйдөгүлөр менен жайбаракат сырдаштым. Алар менен минтип сүйлөшө элегиме көп болуптур. Бирок менин жумушум WhatsApp менен байланып калыптыр, айла жок кайра интернетке киргенге ылайыктуу телефон сатып алдым. Мурун ким эмне кылып жатат деп Инстаграмдан лентаны карап отура берчүмүн. Азыр окурмандарым үчүн менин эмне кылып жатканымды гана чыгарам, лента карабайм.

– «Эл эмне дейт?» долбоорунда кайнененин, аскер кызматкеринин, айыл өкмөтүнүн образын жаратасың, өзүңө кайсынысы жакпайт?
– Мага кайнененин ролу жакпайт. Ойнобойт болчумун, айла жок болуп калды. Башында съёмка күнү кайнененин ролун аткарчу актриса келбей койгон. Ал күнгө баарын даярдаганбыз. Анан баары мени «КВНде кыздарды ойночу элең го, ойно» деп ой-боюма койбой тартып салышты. Мейли деп бир ойнодум, экинчи жолу да «өткөндө сен жакшы ойнодуң. Эл ушул образды жактырып жатышат. 1-сезонду ойно, 2-сезондо ойнобойсуң» дешти. Ошентип отуруп «баягы кемпирди кантип башка бирөө ойносун» деп 3-сезонго чейин ойнотушпадыбы.
Буюрса, алдыда дагы көптөгөн образдарды жаратабыз.

– Маегиңе рахмат, ишиңе ийгилик.

БУЛАК: super.kg

«Бизди көрөрмандар «Эл эмне дейт?» долбоорунун актёру деп таанышат. Бирок ар бирибиз өзүнчө авторбуз. Кинонун, жарнамалардын сценарийлерин да жазабыз»

Аргумент.kg
Жооп калтыруу