Жаныш Майр, актер: «Кайнененин ролу өзүмө такыр жакпайт…»

«Эл эмне дейт?» долбоору көп күйөрман чогултуп, айылдыктар да шаардыктар да кийинки бөлүгүн күтүп көргөн берүүгө айланып баратат. Бул жерде албетте элдин көйгөйүн тамаша аралаш коомго жеткирип жаткан актерлордун эмгеги зор. «Эл эмне дейт?» деген долбоорго чейин өзүнүн өзгөчө та-машалары менен дайым изденүүнүн үстүндө жүргөн Жаныш Майрамбек уулун тасмалардан да көрүп калганбыз. Азыр аталган долбоордо бир нече каармандын образын жаратып, скетчтин өтүмдүүлүгүнө салымын кошуп келет. Журналисттер менен ишт-шүүнү жактыра бербеген Жаныш биз менен маек куруп, алдыдагы ой-максаттары менен бөлүштү.

«Эл эмне дейт?» долбоору учурда көрүучулөр тарабынан какшы кабыл алынууда. Долбоорго тамашаларды ким жазат?

—Рахмат. Аталган долбоордун 7 резиденти бар. Алар мен, Эркин Усөнбаев, Актан Рыскелдиев, Залкар Касымов, Радик Эшимов жана Элдар Абдраимов болуп биргеликге жазабыз.

—Силер аткарган образдар кайдан алынат, жашоодо прото-тиби барбы?

—Долбоордогу образдар жашоодон эле алынат. Так ошондой образдагы адам жок бирок, жашоодо кезикчү адамдардын образдары иргелип, каймакталып анан элге кеңири жеткирүү максатында биз жараткан образдар тандалып алынды. Мисалы Ван Чопа Братан деген образ райондун балдарына тиешелүү. Ар бир районду кармаган ар түрдүү характерлери бар балдар болот эмеспи… Айыл өкмөтүнүн образын ачкан Бердигулдун ролу.

—Өзүң аткарган кайсы роль көңүлүңө жакын?

—Мен бул суроого тескерисинче кайсы роль көңүлүмө жакын эмес, кайсы ролду жаман көрөт экендигимди айтайын. Бул кайнененин ролу, өзүмө жакпайт. Башынан эле ушул ролду ойноого каршы чыккам. Башкы серияларында кыз аткармак бирок, ал белгилүү себептерден улам тартуу иштерине катышпай калып анын ролун мен ойноп көрмөй болуп, 1-2 сериясы тартылып кетти. Сериал болгондуктан анамына деп жүрүп 3 сезон өтүп кетиптир. Болду, токтотолу деген каршылыктарыма карабай азыр да сценарийлер жаралып жатат. Балким элге жагып, жакшы кабыл алынып жатса керек. Бирок өзүмө такыр жакпайт.

—Тамашоу аркылуу элге таанылдыңар, сахнада ойноп жүргөн күндөрүңөрдү сагынып, кайра команда болуп ойногуңар келеби?

—Тамашоу аркылуу бир нече элге таанылдык дээр элем. Анан мындай да: университетте 5 жыл окугандан соң кайра университетке окуунун кереги барбы? Ушундай эле жагдай. Тамашоу бизге юмор университети болуп берди. Өз элибизде 5 жыл ойнодук, анын арты менен Алматыда, Астанада жеңүүчү болдук, Сочиге бардык. Сочиден Премьер-лигага өттүк. Кыргыз КВНнинин тарыхында мындай болгон эмес. Биз сапаттуу оюн көргөзгөн үчүн түз эле Премьер-лигага жолдонмо алганбыз. Бирок, тилекке каршы кыргыз байкелер каржылоону токтотуп койгондуктан Жогорку лигага жетпей калдык. Бирок КВН боюнча менин кыялым орундалды, кыргыздар жогорку баскычка жеттик. Ушунун баары тажрыйба болуп, учурда юмор жаатында жакшы эмгектерди жаратып жатабыз. Ошол эле команда менен азыр скетчтер жаралып жатат. Жазында сиз айткандай эски командалар менен Тамашоу лигасынын 10 жылдык юбилейлик сезонунда оюн көрсөтүп, өткөн күндөрдү эстеп катышып келдик.

—Киного тартылып жүргөндүгүңдү билебиз, азыр ал жаатта жаңылыктар барбы?

—Мен мындай айтайын, биз кино тартканда банкрот болуп жатабыз. Эмнеге дегенде азыр замандаштарыбыз тартылган кино интернетке чыкмайын күтүп олтура беришет. Кинотеатрга барып көргөндөр аз. Ал тасмага 20-30 мин доллардын тегерегинде каражат салып коюп, жылдап аны күтүп жата албайбыз да. Кинодон түшчү киреше булагы бул жалгыз гана кинотеатр. Эл кызык, кинотеатрдан Голливуд кинолорун гана көрүшөт. Же болбосо өтө чоң суммадагы акча салынган масштабдуу проекттерди гана көрүшөт. Элибиз бекерге көнүп калыптыр. Ошондуктан азыр бизди бекер телеканалдардан, Ютубдан көрүп жатышат. Ал эми жаңылыктарга токтолсом, жайында жакшы максаттар менен тасма тартууну пландап жатабыз. Ал боюнча дагы сөз болот.

—Долбоор менен болуп тасмага тартылууга убакты калбай калган жокпу?

—Жок, айырмасы жок. Чыгармачылыкта кино менен долбоор бири-бирине тоскоолдук жаратпайт. Банан жегенден кийин апельсин жей беребиз. Апельсиндин артынан манты деле жей беребиз деген сөз.

—Алдыда кандай ой максаттар бар?

—Буюрса алдыда чоң максаттар бар. Өзүм режиссураны аяктагам, киного башынан эле жакынмын. Мен 2 жыл катары менен режиссурага тапшырып өтпөй калып, үчүнчүсүндө курстарга барып жатып акыр аягы тапшырып, аяктадым. Режиссура деген аябай жоопкерчиликтүу профессия. Анткени тарткан тасма аркылуу коомго кандайдыр бир туура эмес моралды таңуулап алышың мүмкүн. Ошондуктан тажрыйба топтош керек. Өзүмдү алдыда кино жаатынан гана көрө алам. Азыр «Эл эмне дейт?» долбоору жакшы кабыл алынып жатканы менен убакыттын өтүшү менен «өчө» башташы мүмкүн. Ага да даяр болуп башка долбоорлордун үстүндө иштей бермекчибиз.

—Жаныштын жүрөгүн кандай кыздар багындыра алат?

—Негизи кыздар эркектин жүрөгүн багындырбай эле коюш керек. Мырзалар жүрүп-жүрүп бир кызды көрөт, жактырат, анан ал кыздын жүрөгүн багындырууга өтөт. Мен айтаар элем кыздар да, эркектер да мага мындай же тигиндей жагат деп өздөрүнө чек коюп албашы керек. Экөөнө тең күтүлбөгөн мүнөздөгү жана келбеттеги адам өмүрлүк жар болуп калышы мүмкүн.

Назгүл Исакова

Булак: “Мантыш”

Аргумент.kg
Жооп калтыруу