Жантөрө Сатыбалдиев жипсиз тушалып…

Алчы-таасын жеген саясатчылардын катарын толуктаган Жантөрө Сатыбалдиев
президенттик шайлоого чыгуу ниети бардыгын каңкуулаган жайы бар. Бирок эмнегедир
кадам жасай албай буйдалып турат. Сыягы, Ош, Жалал-Абад дирекциясын жетектеген
кезде ың-жыңсыз болуп кеткен 6 миллиард сомго тагдыры байланып, чечкиндүү аракет
көрүүгө тоскоолдук жаратып, буту-колу жипсиз тушалып жаткандай.. Болбосо бир үн
катып ак же көк деп, өзү чыкпаса да кайсы саясий күчтү колд00рун ишаарат кылат эле.
Куйругунда калбыры барлар ушундай тагдыр чечүүчү саясий процессте ооз ача албай
калганы өзгөлөргө деле сабак болоор..

Булак: “Фабула”

Аргумент.kg
Жооп калтыруу