Жантөрө Сатыбалдиев басыз уруусун чогултуп, кыймылдап баштады

Экс-премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев, экс-спикер Алмамбет Матубраимов, экс- министр Марат Кайыповдор басыз уруусун «Дасмияга» чогултушуп, курултай өткөрүшкөнүн массалык маалымат булактары жазып чыгышты. Жыйынга 600дөй адам чогулган. Аты аталган саясатчылар көндүм адатка айланган “ынтымактуу, биримдиктүү бололу, “бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгаралы” дешкен менен, президенттик шайлоодо кимди колдойбуз же өзүбүздөн бирөөнү алып чыгалыбы деген өңүттөгү маселени ортого ташташканы айтылууда. Мындан улам, бул жаңылыкты уккандар Жантөрө Сатыбалдиев президенттик аламанга аттанып, багын сынап көргүсү келип жаткан окшойт деп жоромолдоп жиберишти.

Булак: “Фабула”

Аргумент.kg
Жооп калтыруу