Жантөрө Сатыбалдиевдин мүлкү камакка алынды

Бишкек Жылуулук электр борборундагы (ЖЭБ) коррупциялык иштерге байланыштуу айыпталып, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөө абагына камакка алынган мурдагы премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиевдин жана анын жакындарынын мүлкү камакка алынды. Бул маалыматты бүгүн, 1-августта УКМКнын басма сөз кызматы “Азаттыкка” ырастады.

Буга чейин жергиликтүү маалымат каражаттар Сатыбалдиев жана анын үй-бүлөсүнө тиешелүү делген мүлктөрдүн тизмесин чыгарган. Алардын катарында бир нече жеңил жана жүк ташуучу автоунаа, жер тилкелер, жер там жана батир, дүкөн бар.

Бишкек ЖЭБин модернизациялоодогу коррупция фактысы боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 30-беренесинин 6-бөлүгүндө (“Кылмышка шериктеш болуу”) жана 303-беренесинин 1-бөлүгүндө (“Коррупция”) каралган кылмышка шектүү катары мурдагы премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев 18-июнда кармалган. Учурда ал УКМКнын тергөө абагында отурат.

Булак: «Азаттык»

Аргумент.kg
Жооп калтыруу