Жанат Бейшенов транспорт жана жол министри болуп дайындалды

Бейшенов Жанат Саматович Кыргыз Республикасынын транспорт жана жол министри болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Тиешелүү буйрукка президент Сооронбай Жээнбеков кол койду.

Жанат Бейшенов Жоомарт Оторбаев премьер-министр болуп турганда — 2014-2015-жылдары премьер-министрдин кеңешчиси болгон.

2005-жылдын октябрынан тарта 2006-жылдын февралына чейин транспорт жана коммуникация министринин биринчи орун басары, кийин министрдин орун басары болуп эмгектенген.

Транспорт жана жолдор министрлигинин мурунку жетекчиси Жамшитбек Калиловду ээлеген кызматынан бошотуу тууралуу тиешелүү жарлыкка президент Сооронбай Жээнбеков кол койгону 12-декабрда маалымдалган.

Ж.Калилов өз каалоосу менен отставкага кетип, өзүнүн билдирүүсүн тараткан. Мындай кадам орун басары ири өлчөмдө пара алып жатканда кармалганы менен байланыштуу.

Булак: Turmush

 

 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу