Жанат Бейшеновду КР жол жана транспорт министри кызматына сунушташты

Анын талапкерлигин өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев көрсөттү

Кыргыз Республикасынын премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев Бейшенов Жанат Саматовичтин талапкерлигин жол жана транспорт министри кызматына көрсөттү.
Учурда Бейшенов Евразия экономикалык комиссиясынын транспорт жана инфраструктура Департаментинин темир жол бөлүмүн башкарат (Москва шаары РФ). Мурда премьер-министрдин кеңешчиси болгон, ошондой эле Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникация министринин биринчи орун басары кызматында иштеген.

 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу