Жанар министр болуудан баш тартты

Социалдык өнүктүрүү министрлигин башкарган «аккуулар» биринин артынан бир чыры чыгып олтуруп, баары «оптом» кызматын тапшырып кетүүгө аргасыз болушту. Албетте өздөрү эмес, коомчулуктун нааразычылыгы күчөгөнүнөн улам. Бош орунга ким келет? — деген соболдор көбөйдү. Кээ бирлери ушул министрликте иштеп кеткен Кудайберген Базарбаевди ыраа көргөнү ырас. Өкмөт башчы Мухамедкалый Абылгазиев дагы министрликтин чылбырын Базарбаевге карматууну чечкен экен, аны ансыз деле кочкорлуктар толуп кетти дешип токтотуптур. Парламентте үнү катуу чыккандардын арасында жүргөн Жанар Акаевге министрлик креслону сунуштаса «Баралбайм» деген жообун билдириптир. Жанар кийинки шайлоого барам деген даярдыкты эмитен баштаган соң, түйшүгү түмөн министрликке барып башын оорутмак беле.

Булак: «Жаңы Ордо» 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу