Жанар Кадыралиев, астролог: Жакында жол кырсыктары кескин көбөйөт

Биздин редакция менен кызматташып жүргөн астролог Жанар Кадыралиев жарандарыбызга өз эскертүүсү менен кайрылды.

– Жанар мырза, жылдыздарга карап, астрологиялык төлгө ачып, дал келген учурлар да көп. Элиңизге айтаарыңыз бар экен, эскертүүңүздү уксак?..

– Жылдыздарды карап отуруп, бул оор учур боюнча окурмандарга кайрылууну туура көрдүм. Жакынкы күндөрдө Аба стихиясы менен Жер стихиясынын ортосунда өз ара күрөш жүрөт. Тагыраак айтканда, 30-июлдан 12-августка чейин орточо ылдамдыктагы жана катуу шамалдын болору күтүлүүдө. Ал эми 9-августтан 11-сентябрга чейин жер сүрүлүүлөр, көчкүлөр, аз баллдагы жер термелүүлөр болот. 27-июлдан 24-август аралыгында төмөнкүдөй көйгөйлөр орун алат: сапарга аттанардан мурда унааңызды техникалык текшерүүдөн өткөрүп алууңуз зарыл. Кооптуу учурлар көп. Товарлар жөнөтүлгөн пунктка кечигүү менен барат. Темир жол, авиакаттамдарына билет алчулар, расписаниелер кескин өзгөрүп, рейстерде 4-5 саатка чейин кармалуулар болорун эске тутуңуздар.

Жол кырсыктары кескин көбөйөт, сак болуңуздар. Жаңы ишти баштоого, долбоор жана келишим түзүүгө, жаңы ишке которулууга болбойт. Жагымсыз мезгил. Бирок мурда аягына чыкпай калган эски ишти, долбоорду кайра карап чыгуу үчүн ыңгайлуу убак. Электрондук приборлор: телевизор, радио, телефондор, компьютер, канцеляриялык жабдуулар көп бузулуп, интернет үзгүлтүккө учурап, көйгөйлөр жаралат. Мен белгилеген бул даталарга көңүл бөлүп, сак жүрүшүңүздөрдү сунуштайм.

Булак: «Азия Ньюс»

Аргумент.kg
Жооп калтыруу