Жанар Акаев: «Экс-президенттин командасы маалыматтык чабуулга өттү, бирок элибиз аларга алданбайт»

Кыргыз саясатында өзүн суудагы балыктай эркин сезип, кыска аралыкта карапайым калктын сүймөнчүгүнө айланган эл өкүлү Жанар мырза менен сырттагы саясаттын күрөө тамырын кармоого аракет кылып, баарлашып көрдүк. Жаңы муундагы жаш саясатчы кандай болушу керектигин артына салган чыйыр изи аркылуу даңазалаган чыйрак эл өкүлүнүн пикири кызык маанайда уланды.

— Жанар мырза, Атамбаев-Жээнбековдун ортосунда тымызын да, ачык да согуш башталды. Буга өлкөдөгү соңку кадрдык жүрүштөрдү мисалдатсак болот. Атамбаевдин мүнөзүн билесиң да, мындай согушта ал эч качан жөн жатып бербейт. Анан калса анын артка кайтпас, көкжалдык сапаты бар. Жээнбековдун соңку кадрдык жүрүштөрүнөн улам экс-президент өзү алып келген бийликтен акыры өч алганга дейре барбайбы?

— Президент Сооронбай Жээнбеков Атамбаевдин “кол балдарыбы” же башкасыбы билбейм, бирок, сөздүн түз маанисинде айтканда, коррупционерлер, мамлекеттин акчасын тоногон уурулар менен күрөштү баштады. Ошол эле Бишкек ЖЭБиндеги миллиондорду уурдагандардын жоопко тартылышын элибиз чыдамсыздык менен күтүп келген, аларды камап баштаган үчүн өлкө башчыбыз Жээнбековдун рейтинги карапайым калк ичинде жогорулады. Азыр президент Жээнбековдун “Атамбаевди таарынтып алам, дагы бирөөнүн жинине тийип алам”  деп отурганга убактысы жок, “мамлекетти тоногондор мыйзам чегинде жооп берсин жана бул башкаларга үлгү болсун” деген саясатты алып кетиши керек. Коррупция менен күрөш, албетте, айрымдарга жакпайт, бирок, сырттан келген карыз акчаларды бир ууч коррупционерлер “мите курттай” эле жеп жүргөнү ачыкка чыга баштабадыбы?! Мамлекеттик карызыбыз төрт жарым миллиард доллардан ашты, анын 40%дан ашууну Кытайдын «Эксимбанкына» болгон насыя. Ушундай кооптуу кырдаалга ким жеткирди? Алардын бүгүн капа болгонго, таарынганга моралдык укугу барбы? Өлкөсүн карызга батырып, ошонун эсебинен өздөрү байыгандан уялбаган аткаминерлер сөз жок жоопко тартылышы керек. Буга чейин көбүнчө саясый оппоненттер ар кандай жасалма кылмыш иштер менен камалып келсе, азыр накта коррупционерлер камалып жатат. Муну оппозиция-позиция дебей, колдоого алышыбыз керек. Эгерде саясый каршылаштарын, сын айтып койгондорго куугунтук болсо, бул туура эмес жол болот. Бирок, азырынча аны байкай элекпиз. Ал эми Атамбаев өзү айтмакчы “досунун” алып барган саясаты жакпаса, өзүн оппозицияга өткөнүн жарыя кылып, саясатка жигердүү аралашканы туура болот. Кеп Атамбаев болобу, башка болобу, кандай гана бийлик келбесин, оппозиция болушу керек, бийликтин көзүн май баспашы үчүн конструктивдүү сын-пикир, калыс ой айтып турчу саясатчылар сөзсүз керек да.

— Саясат талдоочулар “президент Жээнбеков кадрдык өзгөртүүлөрдү жасоо менен бийликти узурпациялап баштады” деген сыпаттама беришүүдө. Бул жагына кандай оюң бар?

— Азыр кырдаал такыр башка. Президент Жээнбеков эгерде кадрдык өзгөртүүлөрдү жасабай койсо, жанагындай жансакчылар элибизди башкарып жүрө берсинби? Мындай саясатты улантса, анда биринчи кезекте ага биз каршы чыкмакпыз. Аларды алмаштырганы туура эле болду, бирок, алардын ордуна татыктууларды дайындашы керек. Чынында азыр Жээнбеков өкмөттү куроодо, кадрдык жүрүштөрдө артыкчылыктарга ээ болуп жатат. Анткени, жаңы шайланып келген президентке парламент да, көчө оппозициясы да убакыт, мүмкүнчүлүк берели деп турушат. Албетте, президент дайындаган кадрлар иштей албаса, аларды биз аябайбыз. Жээнбековго канчалык артыкчылык берилген сайын, анын жоопкерчилиги да ошончолук чоң болот. Биз «бул премьерди же мэрди президент дайындаптыр» деп укчукпай отуруп калбайбыз, ишинде кемчилик кетирдиби, ишти алдыга жылдыра албай жатабы, аны коргобойбуз, жоопкерчилигин кароо тууралуу маселе көтөрөбүз.

— Экс-премьер-министр Сапар Исаков өзүң баш болгон парламенттеги кесиптештериңди түгөлү менен “саясый өлүккө” салыштырып, бул жагынан ташка тамга баскандай таамай аныктамасын берди. Мындай аныктаманы кандайдыр бир деңгээлде мойнуңарга алганыңар деле жөндүү го, кандай дейсиң?

— Эми Калыке досум, өзүң жакшы билесиң да, мен жыгылган кишини эч качан тепкилебейм. Болбосо Сапар Исаковдун бул сөзүнө эртеси эле парламенттен катыра жообун берсем жарашмак. Мен Атамбаев менен Исаковдун күчү ашып-ташып турганда парламенттен сындап, чындыкты беттерине айтып турдум. «Сын аларга жардам болсун» деген таризде. Азыр булар кызматтан түшкөндөн кийин сындаган «баатырлар» өтө көбөйүп кетти, буга дейре булардын жанында жүргөндөр, аларга кошомат кылгандар уялбай эми аларды сындап башташты. Сооронбай Жээнбеков да ушундай принциби жок, заматта позициясын өзгөртчүлөрдөн этият болушу керек. Эгерде сурооңо кайпактатпай, түз жооп берсем, Сапар Исаков чынында күтүүсүз кызматтан алынганына, парламент жапатырмак аны кетирип, эч ким коргобой койгонуна ызаланды. Ызасы менен парламентке бир тийди. Мен анын капачылыгын, таарынычын туура эле түшүнөм. Анткени, ал «мени эч качан сатпайт, мамилем жакшы, менин программамды колдойт» деген депутаттар да заматта өзгөрүлүп, Исаковдун отставкасын колдоп беришти. Бул Сапар Исаков үчүн таңкалычтуу болду окшойт. Анткени, ал чоң саясаттын казанында кайнап көргөн эмес, добуш үчүн күрөшкөн эмес, партия түзүп көргөн эмес, саясый тажрыйбасы өтө эле аз дегендей. Парламенттин кемчилиги көп экенин мен жакшы билем, Исаковдун сыны деле туура, бирок, ал башка учурда адилеттүү баа берсе болмок, парламентке карата жеке таарынычын айтып алгандай болуп калды. Парламентти “кол бала” кылуу саясаты дал ошол Атамбаев тушунда болду, мен чырылдап каршы чыккам. Ошондо Сапар Исаков Атамбаевге айтса болмок экен, “парламентке эркиндик берели, мындай жол менен парламентаризмге балта чабабыз” деп. Ал, тескерисинче, Атамбаевди кубаттап турду да.

— Азыркыдай ыргак менен Атамбаев жана Жээнбековдун ортосундагы жарака эмне менен аякташы мүмкүн? Кармаш ырбаса экөөнө тең карама-каршы тилкедеги саясатчылар кошулары турган иш. Эгерде экс-президент азыркы бийликке карата каарын төккөнүн токтотпой, маалыматтык чабуулду улантса, Жээнбеков Атамбаевдин камактагы “түбөлүк достору” Текебаев, Талгарбеков баштаган айтылуу саясатчыларды бошотуп, экс-досунан алардын колу аркылуу кутулганга жол издебейби?

— Негизи Атамбаевдин саясатка кайтып келишинен мен трагедия деле көргөн жокмун, бирок, кечээ эле досуна добуш сурап, калган талапкерлерге жугунду куйган киши кайра кантип элге чыгат? Элге чыкса да эмне деп айтат? Азыр деле экс-президенттин командасы маалыматтык чабуул жасоого аракет кылып жатат. Бирок, азыр алар ойлогондой элибиз оңой алданчу заман эмес да. Калкыбыз кимдин ким экенин билип бүттү. Текебаевдин маселеси боюнча мен таккесе айта алам, ал кишинин иши сотто кайра каралып, тез арада абактан бошотулушу керек. Өмүрбек Чиркешович ак жеринен камалды. Чет элдик бир шылуундун көрсөтмөсү менен камап, жалган ишти токуп, «акты кара» деп көрсөтүшкөнүн элдин баары билип бүттү. Текебаевди мыйзам чегинде абактан чыгарчу болсо, Сооронбай Жээнбеков миллиондогон элдин батасын алып, калктагы кадыры дагы эселеп өсөрү турган иш. Жээнбековду да «Текебаевди чыгарбаш керек» деп адаштыргандар болушу мүмкүн, бирок, адилеттүү, мыйзамдуу караганда деле Өмүрбек Текебаев акталышы керек. Анын ордуна барчу адамдардын тизмеси да көбөйүп кетти окшойт…

— Жаманбы-жакшыбы Алмазбек Шаршенович жана анын партиясынын арты менен бүгүнкүдөй саясый жылдызың жанып чыга келдиң да. Эгерде эртең Атамбаев жана анын командасынын башына мүшкүл иш түшсө, экс-командаң боюнча адилеттүүлүктү тутуна аласыңбы? Бүгүн Атамбаев мурункуга караганда бош убакыт тапканга мүмкүнчүлүгү бар, ал кишиден кабар алып, ал-абалын сураганга аракет кылып көрдүңбү?

— Мени КСДП фракциясынан чыгарып жатышканда, Атамбаевдин жакын кишилери айтышкан, “шефке кирип кечирим сура” деп. Мен: “Кайсы күнөөм үчүн, эмне кылмышым үчүн кечирим сурашым керек эле? Фракциядан чыгарсаңар капа эмесмин, бирок кечирим сурап, жалдырай турчу киши эмесмин” деп дароо айткам. Мен Атамбаевди жек көргөнүм үчүн эмес, ошол кишиге жакшылык каалаган үчүн чындыкты айттым да парламенттен. Тегерегиндегилер кошуп-ташып жеткиришсе керек. Атамбаев эле эмес, ар бир кыргыз жараны адилетсиздикке кабылса, мен колкабыш кылганга даярмын, албетте, депутаттык ыйгарым укуктарымдын чегинде гана. Өзүм экс-президентке жолугууга аракет кылган жокмун, анткени, мен ал жетектеп жаткан партиянын парламенттеги фракциясынан күч менен чыгарылгам. Убагында менин ал кишиге болгон ниетим ак болгонун, жакшылык гана каалаганымды убакыт өткөн соң өзү түшүнсө керек. Бизде саясый окуялар бат эле тарых болуп калат эмеспи.

— Парламенттеги кесиптештериң Асылбек Жээнбеков, Алиярбек Абжалиевдин соңку кездеги кадамдарын байкап жатасыңбы? Эң болбоду дегенде жүрүш-туруштары өзгөрүлүп, манчыркап калышкан жокпу?

— Жеке мен алардын манчыркаганын же чакчырылып, өзгөрүлгөнүн көргөн жокмун. Мурда кандай кесиптеш катары мамилебиз болсо, азыр деле ошондой. Туура эмес кадамдарын көрсөм, мен жашырбайм, аны билесиң өзүң. Бирок, президент Сооронбай Жээнбеков менин оюмча туугандарын, жакындарын өлкөнү каалагандай калчатып коюп унчукпай отурчу киши эмес, ага өзү да, туугандары да жол бербейт го. Анүстүнө тууганчыл башкаруунун арты Кыргызстанда эмне менен аяктарын баары жакшы түшүнүшөт. Өздөрүнө өздөрү ор казмак беле? Чекилик кетиришсе, коомчулук азыр дароо сындап чыгат эмеспи.

Калыгул Бейшекеев

Булак: АЗИЯnews.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу