Жанар Акаев : “Чай ташыган аялга “Мегакомду” сатабызбы?”

Бүгүн, 27-сентябрда парламент депутаттары “Мегакомду” Россиянын жараны Елена
Нагорнаягасатууда өкмөт шашып жатканын айтышты.
Депутат Жанар Акаев “Мегакомду” чай ташыган аялга сатууга болбойт деп билдирди.
Жанар Акаевдин айтымында, Liglass Trading күмөн жараткан компания болгондуктан өкмөт
келишимди бир таптуу бузуп салды.
“Бул келишим айнек заводундагы шылуундар менен түзүлгөн. Азыр болсо, биз Мегакомду чай
ташыган аялга берген жатабыз. Мындай ири компанияны ири корпорациялар сатып алуусу керек. Ал
аял эмне жеке өзүнө сатып алып жатабы?”,деди Жанар Акаев.
Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду Кытайдагы жана Түркиядагы уюлдук корпорацияга расмий
түрдө кат жолдогонун, бирок алар сатып алуудан баш тартканын белгиледи.
Эскерте кетсек, Россиянын жараны “Альфа Телеком” жабык акционердик коомунун 100 пайызын
сатып алаарын билдирген.

Булак: fakt.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу