Жанар Акаев: «Текебаев адилеттүү саясий лидер экенин биз, жаш муун, өлүп баратсак да айтышыбыз абзел»

Мындай пикирин бүгүн, 5-июнда Жогорку Кеңештеги «Ата Мекен» фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаевге карата козголгон иш боюнча алгачкы өткөн соттук отурумдан кийин КСДПчы депутат Жанар Акаев фейсбуктагы баракчасына жазды.

Өмүрбек Текебаевге ар кимдин көз карашы ар кандай болушу мүмкүн, бирок анын кыргыз мамлекеттүүлүгүнө, демократия жана сөз эркиндигине кошкон чоң салымын билишибиз керек. Текебаев адилеттүү жана эркин коом курууга чоң салым кошкон саясий лидер экенин, биз, жаш муун өлүп баратсак да айтышыбыз абзел. Бул урпактарга улана турган узак жол, багыт. Депутаттык мөөнөттө эки көпүрө, бир мектеп куруп берген бизнесмен саясатчыны муну жасады деп, анан бул кишини эмне кылып койду дегендерге такыр түшүнбөйм, — дейт анда жаш депутат.

Булак: inter.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу