Жанар Акаев: Маевскийдин дасыккан алдамчы экенине ынандым

Жанар мырза, «жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу Өмүрбек Текебаевдин иши кайра каралууга тийиш» дедиңиз. Ал кандай жаңы жагдайлар?

Негизи Маевский аттуу шыпуун Россияда кармалгандан кийин Текебаевдин алдамчылардын куру доомат, жалган көрсөтмөсү менен камалганы анык болуп отурат. Андан кийин мен өзүмчө отуруп алып, бүт иши менен таанышып көрсөм, кептин баары 13-май жөнүндө экен. «Ошол күнү кечинде «Супара» этнокомплексинде кечки тамакта эки сааттай сүйлөшүп отуруп, баасын бычып, ошол жерде акчасын бергенбиз» дейт. Бирок, байкоо камерасына карасаңыз,Текебаев ошол убактарда «Ак-Кеме» мейманканасында конституциялык кеңешмеде отурат. Андан кийин «Дүйшөн Чотонов менен Ошко учканбыз» деп Исмаил Исаковдун сотто айтканын угуп калдым. Бизде негизги фигуранттардын бири Дүйшөн Чотонов болуп атпайбы. Жарандык авиацияга тик учактар боюнча депутаттык суроо-талап жөнөтсөм, чын эле Дүйшөн Чотонов бир канча киши менен Бишкектеги Фрунзе-1 аэпортунан МИ-8 үлгүсүндөгү тик учак менен саат бештен 21 мүнөт өткөндө Ошко учуп кетиптир. 14-майда Оштогу Төлөйкөн аэродромунан Жалал-Абадга учуптур. Анан каяктагы кечки тамакка чогулуп, акча берет? 13-майда алар Ошто болсо…

Экинчиси, Алексей Модин «О!» уюлдук операторунун кызматын колдонуптур. Азыр бизде ушундай техникалык мүмкүнчүлүктөр бар да, каерлерде жүргөнүн аныктап берет. Совет көчөсү менен өйдөрөөк чыгыптыр. Жибек Жолунда жүргөн, бирок, айтылган убакта «Супара» жакка өткөн эмес. Ошонун баары азыр далилденип отурат.

Мен Өмүрбек Текебаев менен партиялаш эмесмин. Бирок, биздин саясый ишмерлерди, төбөсү көрүнгөн депутаттарды ушинтип жалган жалаа менен каматкандан кийин, анда карапайым эл, өзүнүн укугун билбеген жарандарыбыз жөнүндө сөз жок. Биздин Кыргызстандын түрмөлөрүндө миңдеген кишилер адилетсиз камалып жатат. Өзүнүн укугун билген, Башмыйзамды жазган Текебаевди ушинтип камап аткандан кийин… Ушундай нерселер сотто кайра каралууга тийиш да. Азыр тар чөйрөдө «Маевскийди ири суммадагы акчага жалдап келишип, бирок, жарым акчасын бербей коюшуптур, ал болсо «эми силердин үстүңөрдөн да жалган көрсөтмө берем» деп коркутуп жүргөн экен» деген маалыматтар айтылууда.

Маевский доо арызды арадан бир топ жыл өткөндөн кийин берип атпайбы. Андай болгон соң саатынан жаңылы- шып кальппы деле мүмкүн да?

Ал Кыргызстанга качан келгени, мейманканага качан жайгашканы баары белгилүү.Алкыска гана убактытка учуп келген. Андыктан, жаңьшышы мүмкүн эмес. Мунун шылуундугун ушундан билиңиз, самолет менен учканда Станислав Маевский деген фамилия менен учуп, мейманканада Леонид Маевскийдин паспорту менен жаткан. Соттук иштери менен таанышып жатканда, анын өтө дасыккан алдамчы экенине ынандым.

Азыр коомчулукта «Текебаевге ырайым берилиши керек» деген да пикирлер айтылууда. Сиз буга кандай карайсыз? 

Ырайым берүүгө макул болгондо Текебаев Атамбаевдин убагында эле чыгып кетмек. Мен аны менен жолукканыма бир айдай болуп калды, Текебаев жалдырап, кечирим сурай турган киши эмес экенин көрдүм. Анын көкжалдык сапатын, жигиттик мүнөзүнө баа бердим. Ал киши эч качан «ырайым берип кой» деп суранбайт, «андан көрө түрмөдө өлгөнүм артык» деп отурат. Сооронбай Жээнбековдун Текебаевдин камалышына эч кандай тиешеси жок. Аны бул киши каматкан эмес. Бирок, коомчулук Текебаевдин бошотулушун күтүп атат. Бул сотторго болгон ишенимди кайра пайда кылат. Президенттин адилет саясат жүргүзүүсүнө коомчулуктан дагы бир колдоо болмок.

Керим Мурас

Булак: «Азия ньюс»

Аргумент.kg
Жооп калтыруу