Жанар Акаев, Жогорку Кеңештин депутаты: «Фракциядан чыгарылганым менен, миңдеген жаштарды саясатка келүүгө шыктандыра алдым»

Өзү бийликте туруп бийликти көзгө-башка чаап камчылоо, сындоо, кемчилигин тайманбай бетке айтуу эскиден Текебаев, жаңыдан Жанар Акаев өңдүү депутаттарга куп жарашат. Бийликтин табияты сынды жактырбайт. Андыктан бул депутаттарды бийлик бат эле сүрүп чыгарып салды… Жанар мырза менен депутаттык ишмердүүлүк, мурдагы жана азыркы бийлик менен мамилеси, пландары тууралуу баарлаштык.

– Жанар мырза, президент Сооронбай Жээнбеков коррупцияга каршы катуу күрөш болот деп жатат. Бир топ экс-чиновниктер УКМК тарабынан кармалып, тергөө жүрүүдө. Азыркы бийликтин коррупцияга каршы күрөшү купулуңузга толуп жатабы?

– Мен ким гана бийликте болбосун коррупция менен чечкиндүү күрөшүүнүн тарапкеримин. Азыр бийлик коррупцияга каршы күрөштү баштады, бул күрөш эч качан солгундап калбашы керек. Эң башкысы, бийлик коррупцияны шылтоолоп өзүнүн саясий атаандаштарын камабашы зарыл. Элибиз азыр саясатты мыкты түшүнөт, ким ууру, ким таза, баарын беш колдой билип турат. Соңку убакта камалган чиновниктерди карап көрүңүз, өмүр бою мамлекеттик кызматта жүрүп топтогон байлыгын карап көргүлө, эл катары жупуну турмушта жашаган бирөөсү жок. Буларга болушуу мүмкүн эмес, болушсаң эл кечирбейт. Бишкек ЖЭБин, Тарых музейин жаңылоодогу былык иштер ачыкка чыгып, мамлекетти карызга батырган кредит, гранттарды уюшкан саясий топ талап-тоноп жүргөнү билинип калгандан кийин эл президент Жээнбековдон коррупцияга каршы чечкиндүү күрөштү күтүп жаткан. Азыр башталган коррупцияга каршы өнөктүктү толук колдойм жана бул багытта президент Сооронбай Жээнбековго колдон келишинче көмөк көрсөтүүгө даярмын.

– Бийлик чиновниктерди четинен коррупцияга айыптап, камай бериши мүмкүн. Бирок андан коррупция жоголуп кетеби? Эмне үчүн коррупцияны жаратуучу жагдайларды жойбойт?

– Азыркы камоолор депутаттарды, чиновниктерди бир топ чочулатып койду. Уурдап байыганы менен, бир күнү түрмөгө отуруп калышы мүмкүн экенин сезип, өзүн-өзү тыйып калышты. Ал эми орто жана чакан деңгээлдеги коррупция дагы деле гүлдөп жатат. Мисалы, тендер өткөрүү, бирөөнү жумушка коюп акча алуу өңдүү иштер азыр жок эмес. Негизи, «уурдаба, таза иште» деп талап кылардан мурун кызматкерге жакшы маяна төлөп берүү керек. Өткөндө 10 миң сом пара алып жаткан университет мугалимин террорист кармагандай куралчан топ барып кармап, аны «коррупция менен күрөш» деп мамлекеттик телеканалдан эртеден-кечке көрсөтүштү. Көрүп уялдым. Күрөшө турган башка иштер толуп жатат. Коррупция менен күрөш жүрсүн, бирок ал элдин курсагын тойгузуп, мамлекетти байытып жибербейт. Он чакты чиновникти түрмөгө отургузуу менен бүтөт. Президент коррупцияга каршы күрөш баштады, бирок өкмөт күрөштү колдоп-коштоп кете албай жатат. Элди иренжиткен чиновниктер дагы деле өз ордуларында камырабай отурушат.

– «Өткөн бийликтин сунушу, оппозицияныкы же биздики» деп бөлбөй туруп коррупцияны жаратуучу жолдорду бууй турган таза коомду курсак болбойбу?

– Кыргыз саясатында жеке таарынычтардын, кызганычтардын айынан көп жакшы идеялар ишке ашпай калат. Былтыр жапайы айбанаттарды атууга мораторий киргизүүнү сунуштап чыксам, мен Атамбаевге каршы болгонум үчүн эле өкмөт мыйзамды колдобой койду. Мисалы, Сапар Исаков экөөбүздүн саясий көз карашыбыз, Атамбаевге болгон мамилебиз таптакыр башка болчу. Бул маселеде биз эки ача пикирде элек, мен аны катуу сындап да жүрдүм. Бирок ачык айтып коюш керек, Сапар Исаковдун азыркы өкмөткө караганда бир топ амбициялуу пландары бар эле. Азыркы өкмөт мындай кашаң иштесе эл ичинде «буларга караганда Исаков түзүк болчу» деген сөз айтылат. Исаковдун «Таза коом» долбоору сөз жок ишке ашышы керек. Бул Сапар Исаковдун эң амбициялуу, Кыргыз коомуна пайдасы тие турган долбоорлорунун бири.

– Мурдагы бийликти «реформа жасоого жөндөмү да, эрки да жетпейт» деп сындадыңыз эле. Жаңы бийлик келгенине 1 жылга жакындап баратат, азыркы бийликте андай эрк бар бекен?

– Алмазбек Атамбаев президент болгон соң 2-3 жыл убактысын бийлигин бекемдөөгө, өз өкмөтүн куроого жана парламенттин тилин табууга кетирген. Жээнбековдун убактысы да, энергиясы да «эски досторунан» арылууга кетип жатат. Бул аралыкта өкмөт башчы президентке жардам берип чоң өзгөрүүлөрдү баштап жибериши керек эле. Тескерисинче, булар реформанын маңызын түшүнбөй жатышат. Азыр президент Жээнбековдо элдин ишеним кредити бар, өкмөт өзүнүкү, оппозиция жок, парламент, саясий элита 100 пайыз аны колдоп жатат. Буларда кийин актанганга эч негиз же шылтоо жок. Дагы 1 жылга жетпей бийлик кандай жол менен кетет, өлкөнү жакшы жагына өзгөртүүгө жөндөмү, дарамети жетеби, билинип калат.

– «Күзүндө өкмөт отставкага кетиши мүмкүн» деген сөздөр айтылууда. Жогорку Кеңеште бул маселе күн тартибине коюлуп калышы мүмкүнбү?

– Бул президенттен көз каранды, анткени парламенттин табияты белгилүү эле да. Эгер президент «Абылгазиевди колдоп тургула» деген белги эле берип койсо, анда парламент макул болот, муну жашырганда эмне? Эгер президент болушпаса, Абылгазиевге парламентте сын өтө көп болот. Өкмөттү тез-тез алмаштырууну трагедия катары көрбөш керек, иштей албайбы, үмүттү актай албадыбы, эмне үчүн «убакыт берели» деп кармап отура беришибиз керек? Негедир бийлик премьер дайындоодо дайыма амбициясы жок, президент болом деген планы жок жоош-момун кишиге токтолот. Менин фонумда чабалыраак болуп турсун дешет сыягы. Бул туура эмес, өкмөткө күчтүү бирөөнү алып келсе жакшы болот эле.

– Парламентке келгениңизге 3 жыл болду. Шайлоочуларга берген убадаларды канчалык аткарып жатасыз?

– Мен дайыма башымды эл ичинде тике көтөрүп басып жүрөм, шайлоодо акыйкаттык принцибинен кайтпайм деген убадама туруп келатам. Депутаттын иши системди башкаруу, өкмөттү иштетүү. Бирок, албетте, аймактардагы элдин күнүмдүк көйгөйүнө да кайдыгер карабайбыз, менин демилгем менен курулган социалдык объекттер, жол, мечит сыяктуу элдин кайрылуусун ишке ашырган учурлар көп эле. Арзан ипотекалык үйлөрдү берүү идеясы да мага таандык, азыр миңдеген жаштар үйлүү болуп келатат, бирок бул дагы жетишсиз, албетте. Ондогон пайдалуу мыйзамдарга авторлош болдум. Бирок өтө көп мыйзам чыгарууну туура эмес көрөм, мисалы, былтыр кыргыз парламенти 150гө жакын мыйзам чыгарыптыр. Ал эми парламентаризмдин атасы делген Улуу Британияда 25тей эле мыйзам жазылган. Мыйзам кабыл алынса эле өнүгүп кетебиз дегенибиз туура эмес.

– Системди фракциядан чыгарылган эркин депутат өзгөртө алат бекен? Же эркин депутатты систем соруп баратабы?

– Мен фракциядан чыкканым менен, жүз миңдеген жаштарды саясатка келүүгө, калыстык принцибин туу тутууга шыктандыра алдым деп ойлойм. Эгер мен да бийликтин сөзүн сүйлөп, алар жазып берген текстти парламентте окуп коюп жүрө берсем, жаштар сынып, саясатка келем деген миңдеген жаштардын үмүтү өчмөк. Мен азыр 31демин, бирок өзүмдү жашмын деп айтпайм. 40тан ашып калган депутаттар «биз, жаш депутаттар» деп сүйлөгөндө абдан таң калам. Мисалы, Жусуп Абдрахманов, Ыманалы Айдарбеков, Касым Тыныстанов өңдүү чыгаандар Кыргыз мамлекетин түптөгөн кезде болгону 20 жаштын тегерегиндеги балдар болушкан. Фракциядан чыгарылганыма такыр өкүнгөн жокмун, анткени мага ошол кездеги президенттин командасы «Атамбаевденкечирим сура» деген талап коюшту. Чындыкты сүйлөгөнүм үчүн кечирим сурашым керек беле? Мен кечирим сурап жалдырай турган киши эмес экенимди дароо айттым.

– Эл, масса саясатты саясатчылар көрсөтүп жаткан тарабынан гана билет. Көшөгө артында кандай былыктар жана жакшы иштер болуп жатат? Эң олуттуу, урунттуусун айтып бере аласызбы?

– Андай окуялар абдан көп, албетте. Мисалы, Сапар Исаков өкмөт башчылыкка сунушталганда «Атамбаев бүт жерге өзүнүн адамдарын коюп Кыргызстанды каалагандай башкарып жатат, буга каршы турушубуз керек» деп айрым фракция лидерлери менен түн ичинде жолугушуп, «Исаковдунпремьер болушуна каршы чыгабыз» деп эркекче кол алышып, жигитче келишкенбиз. Исаковду өткөрбөй коюуга 63 добуш алабыз деп санадык. Эртеси Исаковдун өкмөтү парламентке келерде Атамбаевдин таасирдүү эки адамы депутаттардын кабинеттерин бир сыйра кыдырып чыгып койгон экен, жанагы фракция лидерлери заматта теңирден тескери кетишти. Түндө эле «Исаковду өткөрбөйбүз» деп жаткандар, тескерисинче, Исаковду колдоп, мактап бийликке ооп кетишти. Ошондо мен, Аида СаляноваКаныбек Иманалиев өңдүү 3-4 депутат жалгыз калып калдык. Мен ошондо парламенттеги жигитче кол алышуу эч нерсеге арзыбай турганын, азыр бирди айтып, 2 сааттан кийин пикириңди өзгөртүү кадимки иш болуп калганын түшүнүп, этият боло баштадым. Албетте, мындай нерсе жигиттикке жатпайт.

– «УКМК, Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы президенттин кол алдында турган учурда бийликтин башка бутактары президенттин эркине каршы чыга албайт». Ушундай сөздү бийликке ичтен аралашып жүргөндөр өздөрү айтып калышат. Сиз кандай ойдосуз?

– Бизде парламенттик-президенттик башкаруу дегени менен, иш жүзүндө толук түрдө президенттик башкаруу орноп калды. Анткени кылмыш ишин козгоп, камай турган органдар, башкача айтканда, УКМК менен Башкы прокуратура кимдин колунда болсо, өлкөнү ошол башкарат экен. Жакында «УКМКга президент эле эмес, парламент да көзөмөлдүк кылсын» деген демилге сунушталганда бийлик да, УКМК өзү да аябай каршы турду, анткени алар таасирин жоготкусу келбейт. Парламенттик өлкөлөр сыңары Жогорку Кеңеште деле УКМКны тескей турган укуктар бар, бирок биз ага даап бара албайбыз. Анткени парламент депутаттарынын 70-80 пайызы бизнестен келгендер, алардын бизнесин кысып коюу оңой эле. Аларды текшерсе сөзсүз бир илинчек табышат. Бизнесин кыса баштаганда эле алар багынып беришет.

– Сизди аткаруу бийлигинен көргүсү келгендер бар. Өкмөттө иштөө сунуштары түштүбү?

– Туруктуу өкмөт болсо аткаруу бийлигине барууга каалоом бар. Азыр парламенттен баргандан кийин 3 ай иштетип туруп, эптеп бир шылтоо таап кызматтан алып коюшу толук мүмкүн. Азыркы шартта менин Жогорку Кеңеште турганым коомго көбүрөөк пайдалуубу деп ойлойм. Буюрса, кийинки шайлоодо парламентке келип калсам, жаңы өкмөт түзүлсө барып иштегенге даярмын. Элде «бул сындаганды гана билет» деген ой калыптанбашы үчүн сөзсүз жакынкы 5-10 жылдын ичинде өкмөткө барып өзүмдү жакшы жагымдан көрсөтөм деген оюм бар.

– Быйыл үчүнчү ирет Көчмөндөр оюну өткөнү турат. Сиздин оюңузча, бул ири долбоор кетирилген чыгымды актайбы?

– Актабайт. Бул кредит алып үйлөнүү той өткөргөн үй-бүлөдөй эле көрүнүш. Бизге экономикалык пайдасы жок долбоор. Бюджетте акча жок, азыр тойлой турган заман эмес эле. Көчмөндөр оюну – бул ысырапкорчулук. Эң негизгиси – өкмөт облустагы, райондогу ишканалардын баарын «Көчмөндөр оюнуна боз үй тигип, жылкы союп, дасторкон жаясың» деп байлап койду. Боз үйдүн ижара акысы 150 миң сомго чейин экен. Мисалы, оорукананын жетекчиси бул акчаны кайдан табат? Бул «оорулуу адамдардан акча жыйна дагы, боз үй тик» деген эле сөз да?! Бул чыгымды өкмөт атайын токтом чыгарып, «бюджеттен бөлгүлө» деп жазган эмес. «Каралар» салык салгандай эле өкмөттүн өз элине салган «салыгы».

– Келерки парламенттик шайлоого даярдана баштадыңызбы? Эмитен «куда түшүп» жаткандар да болсо керек?

– Келечекте жаш, таза, билимдүү команда куроо ниетим бар экенин жашырбайм. Бирок алдыдагы шайлоого өз партиябыз менен чыгабызбы же жокпу, азыр абдан ойлонуп жатабыз. Азыртан эле «биздин партияга келип кошулбайсыңбы» дегендер бар. Шайлоого кайсы партиялар аттанат, кандай биригүүлөр болот, байкап көрөбүз. Мен шайлоого сөзсүз партия лидери болуп барышым керек дегенден алысмын. Жаңы күчтөр, таза адамдар бириккен күчтүү команда болсо мен командам менен аларга кошулууга даярмын. Парламентте күчтүү 40-50 адам болсо жана ошолор өкмөттү кураса өлкөдө чоң өзгөрүүлөрдү жасаса болоруна көзүм жетти. Бир убак келип, мамлекетти өргө карай жетелөө бизге буюруп калаттыр. Баары Кудайдан эмеспи.

Булак: Супер Инфо 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу