Жанар Акаев, ЖК депутаты: “Асанов алдан тайса, Текебаевдин да үч оорусу аныкталып, түрмө шартына нааразы»

– Жанар мырза, жоон топ депутаттар абакта жаткан саясатчылардан кабар алып келген турбайсыңарбы? Алардын акыбалы кандай экен?

– Негизи, абактагы үч саясатчы алар жаманбы-жакшыбы, мурда министр, министрдин орун басары болуп иштешкен коомдук ишмерлер. Алар парламентке кайрылып, токтомдун аткарылышын талап кылып атышат. Талап кылышкандан кийин биз алардын үнүн угушубуз керек эле. Ошондуктан, биз беш депутат: К.Иманалиев, Н.Никитенко, А.Өмүрбекова, Т.Мамытов, мен болуп бардык. Жазаларды аткаруу кызматы “баары жакшы” деп атпайбы. Чындыгында үчөөнүн абалы анча жакшы эмес экен. Бектур Асановдун аба­лы өзгөчө. Абдан арыктаган, өңү купкуу, өзү баса албай, жөлөп-таяп келишти. Ушундай акыбалда турса да, ГСИН “баары жакшы” деп маалымат берип атат. Ошо жерде врачтар менен сүйлөштүк. “УЗИге салсак, ашказанынан эч нерсе чыккан жок, ачкачылыкты тез арада токтотпосо, кесепети жаман болушу мүмкүн” дешти. Биз де­путаттар да “ачкачылыкты токтоткула, бала-чакаңарды, жакындарыңарды ойлогула” деп сурандык. Бирок, алар айтканынан кайтпай тургандыктарын билдиришти. “Биз үчөөбүз өзүбүз үчүн эле ачкачылык жарыялаган жокпуз. Абактын ичинде көрүп атабыз, мыйзамсыз камалгандар, кыйноолор аябай көп экен. Аларды да ойлоп атабыз…” дешти. “Камалгандардын үнүн парламентке жеткиребиз” деп милдеттенме алдык эле. Бүгүн келип, парламенттен айттык.

Андан кийин Өмүрбек Текебаевге жолуктук. Анын үч оорусу аныкталыптыр: жүрөк, бут, анан дагы бир оорусу. Бирок, “бир эле жумага ооруканага дарыланып келгенге уруксат бербей жатышат” дейт. Анан күнү-түнү иштеген камера орнотуп коюшуптур. Бул эми психологиялык басым да. Ошого ая­бай кабатыр болуп атат.

– Бүгүн күн тартибине кирчүдөйбү?

– Күн тартибине кирбей калды. Бүгүн бир нече де­путат сотторду угуу боюнча маселе көтөрдүк. Бул сунушту вице-спикер Мирлан Ба­киров, Төрөбай Зулпукаров, Каныбек Иманалиев, Наталья Никитенко да колдошту. Соттордун мыйзамды аткарышын парламенттик, коомдук угуу кылбасак болбойт. Сотторго болгон суроолор аябай көбөйдү бизде.

Керим МУРАС

Булак: Азия Ньюс 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу