Жанар Акаев: «Демилге» саясий максатты көздөбөйт

Кыргызстанда «Демилге» аттуу жаштардын бирикмеси түзүлдү. Ага түрдүү тармактарда иштеген улан-кыздар мүчө болуп жатканын аталган уюмдан кабарлашты. Алар аймактарды кыдырып, социалдык маселелерди чечүүчү долбоорлорду ишке ашырып, өкмөткө сунуш берүүнү көздөп атышат.

Алгачкы жолугушуу 23-сентябрда Москвадагы кыргызстандык мигранттар менен болот. Аны негиздөөчүлөрдүн бири — Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев:

-Мага сунуш кылышты. Чогуу иштейбиз. Арабызда Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары бар. Орусияда, АКШда иштеп жүргөн мекендештер биздин пайдалуу иштерге колдоо көрсөтүүгө макулдук беришти. Биз жаштардын колуна акча карматып, үй куруп бере албайбыз. Максатыбыз агартуу иштерине арналат. Саясий максатыбыз жок. Алдыдагы парламенттик шайлоого даярдык эмес.

Кыргызстанда буга чейин да бир катар жаштар уюмдары түзүлүп, түрдүү демилгелер менен чыгышкан. Талдоочулар жаштар саясий өнөктүктөрдө гана күч катары колдонулуп, анан унутулуп каларын айтышат.

Булак: Азаттык 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу