Жанар Акаев: “Аргументи жок, чабал саясатчылар-жердешчиликти козгойт”

Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев “maalymat.kg” сайтына пикирин билдирди. 
“Кайсы гана бийлик бутагы болбосун, кадрлардын кесипкөйлүгүнө, тазалыгына, иштермандыгына карашыбыз керек. Анын кайсы райондо төрөлгөнү маанилүү эмес, элибиз үчүн таза иштеп берсе болду. Тилекке каршы соңку күндөрү кадрдык дайындоолордон кийин алардын профессионалдуулугуна эмес, кайсыл район, облуста төрөлгөн деген критейирди интернетте талкуулап жатышканы өкүнүчтүү. Бул ооруну жеңилип бараткан, сындаганга ынанымдуу аргументи жок, чабал саясатчылар козгоп жатканы түшүнүктүү болуп турат”,-дейт эл өкүлү.

БУЛАК: maalymat.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу