Жанар Акаев: «Абылгазиевдин иш алып баруусуна жалпысынан жакшы деген баа берем»

-Мукан Абылгазиев жакын арада премьер-министрликтен кетээри ачык эле айтыла баштады. Анын өкмөттө иш алып баруусуна элдин ичи чыкпай жаткандай. Эл өкүлү катары айтсаңыз, сиз кандай баа бересиз?

-Премьер-министр Мукан Абылгазиевдин иш алып барууса жалпысынан жакшы деген баа берем. Биринчиден, «Коопсуз шаар» долбоорун ишке ашыра алды. Көйгөйү көп долбоор болгону менен старт алды. Бул долбоорго инфраструктуралык өзгөртүүлөрдү киргизүү менен маселени чече алабыз деп ойлойм. Экинчиден, ири коррупциялык иштерге таптакыр аралашкан жок. Бирок, сырттан инвестиция тартуу жөндөмүнүн жоктугу, экономика тармагын артка тартууда. Эми ага эл алдында берген отчеттун негизинде баа беребиз. Ачыгын айтканда, премьер-министрдин иш алып баруусуна өтө жаман же өтө жакшы деген баа бере албайм. Жалпы алганда жакшы деген баа берем.

Булак: «Ачык саясат»

Аргумент.kg
Жооп калтыруу