Жанар Акаевге кайрадан чабуул башталдыбы?

Бишкектин Октябрь райондук соту 15-августта, Ош шаардык прокуратурасынын мурдагы
кызматкери Канжар Кадыралиевдин ишин кайра тергөө чечимин чыгарган. Соттук
отурумдан кийин Кадыралиевдин жактоочусу: “Ал жерде көптөгөн маселелер чечилген
эмес. Көп суроолор текшерилген эмес. Мындан тышкары Канжар Кадыралиевдин Жанар
Акаев боюнча сотто айткандары да текшерилет”, — деп айткан.
Анын айтымында, иште көптөгөн суроолор жоопсуз
калган. Мындан улам адвокаттар ишти кайра тергөөгө
жиберүүнү өтүнүп, аны сот канааттандырган.
Эске салсак, депутат Жанар Акаев “Азаттык”
радиосунда иштеп жаткан кезинде Оштогу ишкер
Сактан Келдибаевди Канжар Кадыралиев опузалап
жаткандыгын, ал тургай үйүнө куралдуу кол салуу
уюштургандыгын өзүнүн материалында кеңири
чагылдырган. Акаевдин бул видео материалынан
кийин Канжар Кадыралиевге кылмыш иши козголуп, тергөө бир нече убакка чейин созулган болчу.
Жанар Акаевдин эч нерседен тайманбай, КСДП фракциясынын депутаты болуп тургандыгына
карабай баарын ачык айткандыгы КСДПдан чыгарылышына себеп болгон. Эл өкүлү муну өзү да
фракция менен пикир келишпестиктен улам болгондугун ачык эле айтып жүрөт. Ошентип, Жанар
Акаевдин фракциядан чыгарылышы ага болгон биринчи чабуул болуп калды.
Жанар Акаев фракциядан чыгарылаары менен Канжар Кадыралиев Акаев тууралуу быйыл 30-
марттагы сот процессинде үн каткан эле. Депутат Жанар Акаев журналист болуп жүргөн кезинде
андан 7000 доллар пара алгандыгын айткан. Өз кезегинде Жанар Акаев буга жооп кайтарып, Канжар
Кадыралиев кырдаалдан чыгуу үчүн жалган жалааларды айтып жаткандыгын айткан болчу.
Ал ортодо баары унутулуп, бирөө менен бирөөнүн иши болбой калган. Бирок депутат “Мени
фракциядан чыгарды, эми жасалма кылмыш ишин козгоп коюшу мүмкүн”, – деп коркпой көз-
карашын ачык айтып келди.
Икрамидин Айткулов Жанар Акаевге кылмыш ишин козгоо керек деп бекеринен айткан жок. Анткени,
депутат тайманбай туруп бетке айтканын токтоткон жок. Жасалма кылмыш ишинин негизинде
соттолуп жаткан Өмүрбек Текебаевди колдогон пикирлерин байма-бай айтып, соттук отурумдарына
да катышып келди. 16-августта Дүйшөнкул Чотонов менен Өмүрбек Текебаевге сот өкүмү чыкты.
Соттук отурумга “Ата Мекен” фракциясынын айрым депутаттары менен кошо Жанар Акаев да келди.
Башка фракциянын депутаттары келүүгө кудурети жетпесе да, Жанар Акаев келди.
Анын Текебаевди колдоп жатканы бийликке ачык эле жакпай, өздөрүнүн маалымат каражаттары
аркылуу байма-бай жамандап келишти. Эми минтип, ага кылмыш ишин козгоо керек деген
пикирлердин айтылышы депутатка карата кайрадан чабуул башталгандыгын айгинелейт.

Булак: fakt.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу