Жамшитбек жармаша бербестен кетип калбайбы?

Транспорт жана жолдор министринин орун басары 520 миң доллар пара менен тендерди жайлаганы аныкталып, тендерчи 50 миң долларды алып жаткан жеринен кармалганын уккан министр Жамшитбек Калилов орун басарынын коррупция менен кармалганына шок болгонун билдирген. Эми болсо башка пикирди карманып жатканы таң калыштуу болууда. Депутаттар өкмөт башчы Абылгазиевден транспорт министри эмне себептен жумуштан кетпей жатканын сурашканда, ал “Министр менен сүйлөштүм. Ал орун басарынан мурун эле шек санап жүргөнүн айтты” деп атпайбы. Калиловдун пластинкасы бат эле эки башка болуп ырдап жатканы шек жаратууда. Орун басарынан мурун эле шек санап жүрсө, эмне үчүн ага тендерди өткөрүүнү тапшырат? Калилов таза, орун басары баарын чече берген дегенге ишенген бир жан барбы? Абылгазиев “Бул иш мага, министрге моралдык жактан чоң сокку болду” деп билдирди. Моралдык күнөөсүн билген адамдар креслону кучактап олтура бербейт. Абылгазиев өзү Калиловду колунан жетелеп, экөөбүз тең кетип калбасак болбойт деп чыга келгенде азамат, бул таза жетекчи демекпиз. Азыр 520 миң доллардын аягы Өкмөт башчыга барып такалышы мүмкүн деген пикир көбөйүп жатпайбы. Жогор жактан ишенген кожоюну болбосо министрдин орун басары ал акчаны жалгыз өзү аш кыла алмак эмес.

Булак: «Жаңы Ордо»

Аргумент.kg
Жооп калтыруу