Жамиля Ишенбаева, модель: «Тауекелдин токтолуп, жакын арада үйлөнөрүнө көзүм жетпейт»

Бир нече эл аралык сулуулар сынагынын катышуучусу, модель, акыркы учурларда телеалпаруучулук кесипти аркалап, клиптерге тартылып жүргөн Жамиля Ишенбаева бүгүн биздин конок төрүбүздө.

-Салам, Жамиля, сени тааныбаган бирөө “сен кимсиң?” деп сурап калса, өзүңдү ким деп тааныштырат элең?

-Саламатсыздарбы, мени көбү модель катары жакшы таанышат, ошондуктан биринчи моделмин демекмин. Ал эми өзүмдөгү актрисалыкка, телеалпаруучулукка болгон жөндөмүмдү жаңы сынап келе жатам, бул кесиптер менин хоббим десем болот. Негизи өзүмдү эч нерседен чектегим келбейт, кайсы нерсе колумдан келсе, ошону жасаганга аракет кылам.  Кесим боюнча бизнес башкаруу жаатын бүткөм, учурда ошол кесибим менен иштейм. Чакан үй-бүлөлүк бизнесибиз бар, аны башкарам. Жакында коомдук тамактануучу жай ачууну пландап жатам, ал ишке ашса өзүмдүн бизнесим пайда болот. Мындан сырткары, НБТ, Newtv, TVKG телеканалдарында алпаруучу болуп иштедим. Учурда НТС телеканалында автордук “Мечтай” деген реалити-шоуну алпарып жатам. Мындан сырткары түрдүү жарнамалык негиздеги фотосессияларга сьёмкалар тынымсыз болот. Ушинтип иштеп жүрүп эле шоу- бизнеске аралашып кеттим окшойт, негизи шоу-бизнесте болуу менин максатым эмес, жөн гана жүрөгүмө жаккан нерсе.

-Модель десе эле көпчүлүк акылы кыска, жеңил кыздарды элестетишет, билишибизче, сен окууңду кызыл диплом менен бүткөнсүң?

-Туура айттыңыз, көпчүлүгү сиз айткандай ойлошот. Бирок стереотиптер менен жашаган адам көптү билбейт, алыс ойлоно албайт. Мен окуумду бардык жерден артыкчылык менен бүттүм. Мектепте  алтын медалга окудум, жалпы республикалык тестирлөөдө алтын сертификатка 7 балл жетпей калган. Университеттен Испанияга окууга грандды өз күчүм менен утуп алаганмын. Абдан өжөрмүн, түнү бою уктабасам да,   үй ишин жасап, эртең менен окууга, андан ары бий ийримине барчумун. Менин ийгиликтерим үчүн, мага мыкты тарбия бергени үчүн ата-энеме, мугалимдериме рахмат.

-Биздин өлкөдө моделдик бизнес жакшы өнүгө элек, бул кесип менен жан бакса болобу?

-Биздин өлкөдө модель болуп иштеп жан бага албайсың. Ошондуктан модельдикти кесип катары эсептебеш керек. Бизде моделдер өтө эле көп. Сулуулугуңа эле ишенип жүрсөң талаада каласың. Тапканың унааңдын майына жетсе сүйүнөсүң.

— Азыр кыздар сулуу болуу үчүн көп мүмкүнчүлүктөр бар, бирок ага аз эмес каражат кетет. Негизи эле сулуу болуш кымбатпы?

-Ооба, кымбат. Бирок менин Инстаграм баракчам айрым керектөөлөрүмдү каржылаганга жардам берет. Көбүнчө косметиканы мен жарнамалаган косметикалык компаниялар белекке беришет. Тырмак өстүрүү, чач боётуу, айтор, салондогу кызматтардын көбүн бекер же арзандатылган баада жасатам. Кирпик коштурбаганыма көп болду, кашымда билинер-билинбес татуажым бар. Косметика тандап, бренддердин артынан куубайм. Бет майларды гана такай өзүм сатып албасам, калгандары белекке эле келет.

-Инстаграм баракчаңда сенин кийинүү стилиңди сындаган хейтерлер көп, алардан кантип коргоносуң?

-Чынын айтсам, тажадым ошолордон, акыркы убактарда жөн гана кара тизмеге киргизчү болдум. Түшүнгүсү келбеген адамга жеткире албайсың. Аларга айтарым, Кыргызстан ислам өлкөсү эмес, ар бир адам өзүнө жаккан кийимди кийүүгө акысы бар.

-Белгилүү казак актёру, сенин досуң Тауекел Муслим жакында эле сүйүктүүсүн ачыкка чыгарды, экөөңөрдү кыз-жигит деп көбү айтышчу. Досуң үйлөнүү тоюна чакырса барасыңбы?

-Тауекел менин досум эмес. Анын токтолуп, жакын арада үйлөнөрүнө деле көзүм жетпейт. Тоюна чакырбайт, мен барбайм. Азыр озүмдүн туруктуу мамиле куруп жүргөн жигитим бар. Үйлөнүү тоюбуз буйруган күнү болот. Турмушка чык деп ата-энем деле шаштырган жок, тескерисинче, чоң атам “ушунча окудуң, жок дегенде кандидаттыкты жакта” деп жатат. Учурда ата-энем үчүн менин карьерам маанилүү.

-Сеникиндей дене-түзүлүшкө ээ болгусу келгендер көп болуш керек, келбетиңе кантип кам көрөсүң?

-Келбетиме кам көрүү боюнча эч кандай деле сырым жок. Болгону ар бир күнүмдү бир стакан суу ичүү менен баштайм. Кээде эртең менен тамак жегенге жетишпей деле калам. Менин диетам- кечинде болушунча тамак ичмей (күлүп). Мындан башка йога, степ-аэробика, фитнес менен машыгам.

-Бир топ ырчылардын клиптерине да тартылып жүрөсүң?

-Кайсы клиптерге тартылганымды өзүм да унутуп калдым. Сыналгыдан өзүмдү көргөн такыр жакпайт. Ильяз Андаштын, Арсендин, KG Элмураттын, Султан Садыралиев, Сайкал Садыбакасованын клиптеринен мени көрүп калсаңар болот.

БУЛАК: Леди.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу