Жамбыл Камчиев, куудул: «Байбичемди Рахман Разыковго тийип ал дедим»

Жамбыл ага, редакциябызга куш келипсиз, эмне маселени айтайын деп келип калдыңыз?

-Жүрөктү өйүгөн маселени силердин гезит аркылуу коомчулук менен бөлүшөйүн деп келип калдым. Айтайын дегеним, Өкмөттө эч нерсе өзгөрбөй жатканы болууда. Кадр саясатында эч кандай өзгөрүү жок. Өкмөт электрондук негизде кадрларды тандоону баштоосу зарыл эле. Банк, кредит тармагында сөзсуз тез арада реформа жасоосу керек. Ар бир айыл аймакта мамлекеттик банктар иштей башташы керек болчу. “Региондорду өнүктүрүү жылы” деген кагаз жүзүндө эле калып калууда. Реформа жасай алышпаса банк системасын менин командама беришсин, кандай реформа жасаар экенмин.

-Учурда Ошто жашап жатасызбы?

-Ооба, Оштомун. Ара-чолодо концерттерге катыша коём, тойлорго чакырышса барып өз ишимди кылып элди күлдүрөм.

– Ооруп жүрүптүр деп уктук эле, ден соолугуңуз жакшыбы?

-Акыркы убактарда ошол ден соолук жакшы болбой жүрөт. Бат-баттан сасык тумоолочу болдум. Иммунитет жакшы начарлады. Жаш өйдөлөп баратат да. Баягы күпүлдөгөн Жамбыл акең картайып баратат үкөм. Өгүнү ооруп калып байбичеме ден соолук жакшы болбой баратат, кокус өлүп калсам Рахман Разыковго тийип ал десем, байбичем: “Рахмандын төрт-беш аялы бар, анын мага убактысы болбойт го?” – дейт. Ээ байбиче, эгер мен өлсөм Рахмандын 2-3 аялын ала жатам десем, анда байбичем: “Анда башка сөз!” – деп жатпайбы акмак… Аялдарга эч качан ишенбегиле, урматтуу эркектер!

– Рахман Разыковдун канча аялы бар?

– Рахман үчөө менен жашап жатат. Төртүнчүсү да бар болушу мүмкүн. Эң көп аял алган ыраматылык Манас Бердибеков досум болчу. Алты аялы бар эле, алтынчысы Малика болчу.

Мирлан Алымбаев

Булак: “Фабула”

Аргумент.kg
Жооп калтыруу