Жамбыл Камчиев Алмазбек Атамбаевден карыз сурады

«Алмаз Шаршенович, 1 млн сом карыз берип туруңуз.Президенттик шайлоого катышайын дедим эле, же БШКга менин атыман которуп коюңуз.Кудай буюрса , шайлоодо жеңип чыксам, 2 млн кылып кайтарып берем.Эгер нак акчадан кыйналып турсаныз, ал жөнүндө ФБ аркылуу билдирип коюңуз, эрте жазда башка жактан караштырайын»,- деген пикирин билдирди куудул Жамбыл Камчиев.

«Мен эч кандай тамашасы жок эле Алмазбек Атамбаевден карыз сурадым.Бирок тамаша десем деле болот. Бирок кайтарып бермекмин. Менин карыз сураганымдын себеби, президент жаңы мыйзамга кол коюп жиберди. «1 млн сом нак акчаны БШКга төккөндө гана пезиденттикке кое алат», деген.Ошого Алмазбек Атамбаевден 1 млн карыз акча сурадым»,- дейт куудул Жамбыл Камчиев.

Булак: nazarnews.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу