Жаман ойдон арылуу үчүн…

Адам баласы туулганда таза ак барактай болуп төрөлөт. Андан кийин жашоосунун нугунда ар түрдүү кыйынчылытарга туш болот. Мына ошол кыйынчылыктарга айрым адамдар туруштук бере албай, жалгыздык сезимине кабылат. Дал ошол жаман ойлор, үмүтсүздүктү жаратып, ар кандай азаптарга жетелейт. Жакшы ойлонуп, жакшы кадамдарды жасоо үчүн, психолог төмөндөгүнү кеңеш берет.

Келечекке жакшы үмүт менен кадам таштаңыз. Таңды күлкү менен баштаңыз. Адамдар сиз тууралуу жаман сөз айтса, аны жүрөккө жакын кабыл албоого аракеттениңиз. Адамдар менен баарлашканда жалаң жакшы сүлөп, жакшы ой менен баарлашыңыз. Спорттук ийримдерге катышыңыз. Таңды күлкү менен тоссоңуз, күнү бою сергек жүрөсүз. Таза аба, табият койнунда сейилдеңиз. Айтылган ар бир сөздү жүрөккө жакын кабыл алуу- ден соолукка зыян. Жакындарыңызга жана жакшы көргөн адамыңызга жылуу-жылуу сөздөрүңүздү аябаңыз.

Бирөө сизге канчалык жамандык кылса, сиз аны ошончолук жакшы нерсе менен кайтарыңыз. Ойлонуу менен жүрөктүн согушу бирдей болот. Канчалык жакшы нерселерди ойлонсоңуз, ошончолук жүрөгүңүздүн түпкүрүнө жакшы нерселер орношот.

БУЛАК:zaman.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу