Жаман көргөн баласын «Сайдулла» деп урушкан модага айланууда

«Ата Мекен» фракциясынан Сайдулла Ньппанов депутат болуп, бирок көп өтпөй партиянын идеясын сатып, биримдигин быркыратып, түкүргөндөй мамиле кылганы көпчүлүктүн итиркейин келтирген болчу. Лидери Өмүрбек Текебаев камакта жатса, анын башын аттап, бийликке түрдүү ыкмалар менен жагымпоздукка өткөнү күлкүнү келтиргеничи? Соңку жоругун баарыбыз угуп, шок болгонбуз. Текебаевдин №1 душманы Атамбаевге Кыргыз Эл Баатырын берүүнү Жогорку Кеңештен көтөрүп чыгып, далайлардын оозун ачырып салган! «Супер кошоматчы» атка конуп. Эми болсо, эл ичинде жаман көргөн баласын «Сайдулла» деп урушкан модага айланып кетиптир. Мындан артык жаза барбы? Өлбөгөн төрт эле шыйрагың калды эй, «Сай­дулла»! Кылымдардан бери саткынчылар жексур көрүнүп, алардын көргөн күнү кандай аяктачу эле? Өтө-ө өкүнүчтүү…

Булак: “Азия Ньюс”

Аргумент.kg
Жооп калтыруу