“Жаман атка жал бүтсө, жанына торсук байлатпайт”

«Бир Бол» партиясынын лидери Алтынбек Сулаймановдун арты менен акимдиктен вице-премьер министрлик кызматка секирген Замирбек Аскаровдун дымагы күч экен. Ал өзүн кийинки президент болчу кезек менде деген кыял күтүп калганы тар чөйрөдө айтылууда. «Жаман атка жал бүтсө, жанына торсук байлатпайт» деген ушул тура. Анын үстүнө жаңы президенттин иштегенине бир жылга толо элек. Бул Замир мырза эмитеден такка көз артып жатканы жакшы эмес го. Ноокаттын акиминен кийин, Ош шаарынын мэриясынын дене тарбия, спорт тармагын тейлеп, анан дароо вице болгон жаны мынчалык дымак күтөт деп ким ойлоптур. Кызыгы, бул жигиттин өкмөттүн инвестиция тартуу жаатында куратор болуп калганын айтпайсыңбы, күлкүнү гана келтирип. Мына башкарат деген ушул дегенби, «мамлекеттик инвестициялар программасын тийиштүү түрдө аткарбаган жетекчилер жеке жоопкерчилик тартат», – күпүлдөп отурат. Өзүн инвестиция тартуу боюнча түшүнүгүң барбы деп сураган жан жок…

Булак: «Фабула»

Аргумент.kg
Жооп калтыруу