Жалкоолукту кантип жеңсе болот?

Ийгиликти багындырууга тоскоолдук жараткан бул жалкоолук болуп саналат. Андан кантип арылуунун жолдорун сизге сунуш кылабыз.

1.Убагында дем алып, уйкуңузду кандырыңыз.

2.План түзүңүз. План куруп, максаттуу иш аткаруу менен сиз ийгиликти багындыра аласыз.

3.Бир ишти аткарууда аны аягына чыгууга дараметим жетеби деп жакшылап ойлонуңуз. Эгерде көзүңүз жетсе, анда ал жумушту аткарууга белсениңиз.

4.Жасап жаткан жумушуңуздун аягы кандай натыйжа берет, ал тууралуу ойлонуңуз.

5.Жасап жаткан эмгегиңизди баалай билиңиз. Мисалга, жумуш арасында досторуңуз менен эс алууга чыгыңыз. Тынымсыз иштей берүү ден соолукка зыян.

6.Башкалардын жетишкендиктерин баалай билиңиз. Анткени сиз алардан сабак алып, аларга карап түздөнгөн болосуз.

7.Активдүү жашоону тандаңыз. Ал үчүн спорттун бир түрү менен машыгууну адатка айлантыңыз.

8.Өзүңүздү урматтап, баркттай билиңиз. Качан өзүңүздү сыйлап, урматтаганда гана башкалар сизге ошондой мамиле жасай баштайт.

9.Сизге дем берүүчү бир адамга гана ишениңиз. Мисалы, ал сиздин жакын эжеңиз же курбуңуз болушу мүмкүн. Ага сиз келечектеги аткарылчу планыңыз менен бөлүшүп туруңуз.

БУЛАК: zaman.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу