Жалгыздыктын азабы…

Ооба, акыркы кездерде акча тапкан аялдар өздөрүн кыйын сезип, эркек башкарып калгандары да бар. Бирок, бардык аялдарга күнөө койгондон алысмын, анткен менен аял затына эле эмес, эркектерге дагы түгөйү жок жашаган жашоо даамы жок тамактай супсак.

Мен мына жыйырма жылдан бери жалгыз жашап келем. Учурунда күйөөнүн баа-баркын билбей, аны убагында калп эле күнөөлөп жүргөнүмдү моюнга алам. Аял заты эмнеден өзүнө канагат алат. Албетте күйөөгө кызмат кылгандан, анын кийимин жуугандан, ага тамак даярдагандан, аны ишинен келип калат деп күткөндөн, керек болсо анын тер жыттанган жыты дагы аялга керек, ал дагы аял затына жагымдуулукту тартуулайт.

Ооба, азыркы аялдардын колу кичине ишке тийип же күйөөсү кызуу келип үнүн катуу чыгарып койсо ошону да көтөрө албай чоң кеп кылгандары бар.

Бирок, ошол майда-барат нерселер да турмушта керек экенин качан мендей болуп жашоодо жалгыз калып, жалгыздыктын азабын тартканда сагынып, бактылуу күндөрү өтүп кеткенде билишет. Адамдар дайыма өз учурунда баа- баркты билбейбиз.

Бир кезде менин дагы күйөөмө тилим тийип, анын токмогун жегем. Көрсө аялдар күйөөсү менен урушуп кетип, кайра табышканы да жошоонун бир ырахаты экенин мен кеч билип калдым. Азыр балдарга эч сөз айта албайсың. Алардын жашоого карата болгон көз карашы башка. “Отуз уулум болгончо, оосурак чалым болсочу” деп бекер айтылып калган эмес. Аялга бир гана күйөө, күйөөгө бир гана аялы күйүп, эриш аркак болуп жашаган жашоо кандай бакыт.

Жашоонун шаңы эмнеде, аялы менен күйөөсүнүн талаш-тартышында, кеңешип иш кылганында, бирин-бири күтүп, бирге олтуруп тамактанганында.

Ооба, учурда эркектерге ылайыктуу иш жок болуп, аялга багылып калганы бул дагы жашоонун бир сыноосу.  Анан эле акча таптым деп, күйөөнү басынтып, урушкан да жашы аялдын кылган иши эмес. Мен бул жерден эмнени айткым келет. Жашоодо бардык нерсе убакытлуу. Ошол убактылуу нерсеге көтөрүмдүүлүк менен мамиле жасалса, жашоо өз нугунда өтөт.

Кандай гана бактылуу, күйөөсү бар аялдар. Анткени алардын арманын айтып бугун чыгарып кеңеше турган таянар кишилери бар. Бир жакка коноккко барсаң дагы, күйөөнүн калдайып карааны эле канча? “Мен акча таап жатам” деп, кыйын болгон бул аялдарга жарашпаган жорук. “Кут аялда” деп айтылат. Аял киши көтөрүмдүүлүгү менен барктуу болору да анык. Баланын кыялына, кыздын кылыгына, күйөөнүн мас болгонуна бир гана эне же аял гана түтөт. Анткени аял затынын “эне” деген улуу аты бар. Менин чоң энем үркүндө кыйналганын гана “кыйналгам” деп айтчу. Ал эми турмушта болуп келген жана боло берүүчү убактылуу кыйынчылыктарга көңүл деле бурчу эмес.

Ал эми азыркы жаш келиндер бала бакканын, аны көтөргөнүн да чоң кеп кылып айтканы бул туура эмес. Анткени алар бала багып, баланын ыракатын көрүп жатышат да. Аял заты бала төрөп дагы бакытка туш болот. Болбосо канчалаган жандар баланын үнүнө зар болуп жүрүшөт. Эч качан кылган ишти милдет кылып айтпаш керек, анткени жасалган сооп иштер жуулуп кетиши толук мүмкүн. Мен эмне максат менен муну айтып жатам, кийинки жаштарга сабак болобу деп гана. Анткени ар бир нерсени убагында баалай билгендин өзү дагы жашоодо чоң жетишкендик экенин мен кеч билип калып, кеч түшүндүм. Андан дагы жашоо аял менен бирге шаңына чыгары да турган иш. Менин бул айткан кебимди туура кабыл алууңуздарды суранам.

Бермет Калыбаева,

Булак: NazarNews.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу