Жалал-Абад: түрмөгө баңгизат алып киргени кабарланган депутатка иш козголду

Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын (ЖАМК) Жалал-Абад шаарындагы №10 мекемесине баңгизат алып кирип бараткан жергиликтүү депутат кармалды. Бул тууралуу облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, декабрь айынын соңунда абактагы жакынына жолугушуу максатында келген Ноокен районунун Арал айылдык кеңешинин 42 жаштагы депутатынан нашаа табылган. Бул факт боюнча шаардык ички иштер бөлүмүнүн тергөө кызматы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин “Баңгизаттарды, психотроптук заттарды, алардын окшошторун же прекурсорлорду башкага берүү максатында мыйзамсыз даярдоо, сатып алуу, сактоо, ташуу, жөнөтүү, ошого тете мыйзамсыз өндүрүү же берүү” беренесине ылайык иши козголуп, депутат камакка алынган.

Бирок шаардык соттун чечими менен депутат үй камагына чыгарылды. Азыркы учурда тергөө аракеттери жүрүп жатат.

Булак: Азаттык

Аргумент.kg
Жооп калтыруу