Жалал-Абад: кайра шайлоону коштогон чуу

Жалал-Абад шаардык кеңешиндеги тизме түзүүдөгү алешемдиктерди тартипке келтирүү боюнча “Өнүгүү-Прогресс” партиясы шайлоо комиссиясына кайрылды.

Ал арада үгүт иштери жүрүп жаткан маалда шайлоого катышып жаткан «Мекеним Кыргызстан» партиясынын штабын өрттөп кетишти.

Эки күн мурда шаардын Горький көчөсүндө жайгашкан «Мекеним Кыргызстан» саясий партиясынын аймактык штабынын өрттөлүшүнүн жагдайын милиция иликтеп жатат. Маалыматтарга ылайык өрт болгон жерди текшерүү учурунда бөтөлкөгө куюлган күйүүчү майдын калдыктары табылган.

Облустук Ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Мыктыбек Турдукулов буларды айтты:

Милицияга түнкү саат экиге жакын кабар түшкөн. Ыкчам топ келип, жеринде териштирүү иштерин жүргүзүштү. Күбөлөрдүн маалыматына ылайык, өрттү үй ээлери өздөрү өчүрүп калышкан. Белгисиз адамдар өрттөп кетишкенин айтып жатышат. Кароо жүргүзгөн учурда бөтөлкөдө куюлган күйүүчү майдын калдыктары табылган. Учурда кылмышка шектүүлөрдү издөө иштери жүрүп жатат. Окуя боюнча кылмыш иши ачылат.

Партиянын штабы турак жайдын сыртындагы буга чейин колдонулган чакан дүкөндө жайгашкандыктан үй ээлери өрттү өздөрү өчүрүп калышкан. Күбөлөр берген көрсөтмөлөрүндө ырасташкандай, аны белгисиз адамдар атайын өрттөөгө аракет жасашканы айтылат.

Ошол күнү партиянын үгүтчүлөрү түнкү бирлерге чейин штабда иштешип, алар чыгып кеткен соң өрт коюлган. Партиянын шаардык штабынын жетекчиси Таалай Шабанов буларга токтолду:

Бул биздин үгүтчүлөр отурчу аймактык штаб. Өрт болоор күнү партиянын өкүлдөрү түнкү саат бирге чейин ушул жерде болушкан. Алар кетээр замат бирөөлөр өрт коюшкан. Бул имарат турак жайларга жакын болгондуктан үйлөргө өтүп кеткенче өчүрүп калышкан. Биз бул көрүнүштү шайлоо алдында чагымчыл күчтөрдүн атайын жасаган аракети катары баалайбыз.

28-майда Жалал-Абад шаардык кеңешине мөөнөтүнөн мурда шайлоо өтөт. Ага жети партия — «Ата Журт», КСДП, «Кыргызстан», «Мекеним Кыргызстан», «Өнүгүү-Прогресс», «Бүтүн Кыргызстан» жана «Республика» партиялары катышууда. 6-майдан бери башталган үгүт иштеринин жүрүшүндө туура эмес жерге илинген үгүт жарнагы боюнча бир гана кайрылуу болгон.

Ал эми жума башында “Өнүгүү-Прогресс” партиясы шардагы шайлоочулардын тизмесин түзүүдө кетирилген мыйзам бузуулар боюнча аймактык шайлоо комиссиясына кайрылды. Анда шаардын сыртында жашаган жашоочулардын да аты-жөнү тизмеге киргизилип, кээ бир участоктордо шайлоочулардын тизмелери көбөйүп кеткен. Партиянын шаардык координатору Майрамбек Адылбеков.

Жалал-Абад шаарында 2016-жылдын декабрында өткөн шайлоодогу тизмеге караганда, азыр илинген тизмеде айырмачылыктар болуп жатат. Мисалы, бир эле шайлоо участогунда 77 адамдын аты-жөнү жок болуп жатат. Ал эми кээ бир участоктордо Бишкек шаарынын, Сузак районунун айрым айылдарынын жана Кара-Көл шаарынын тургундары катталып калган. Мындан сырткары каттоодо турган шаардыктар өз участокторунан тизмесин таппай жатат. «Форма-3» документин толтуруп, аймактык шайлоо комиссияларына бергени менен ушул күнгө чейин тизмеге киргизбей жатышат. Ошол себептүү биз шайлоо комиссиясынан тизмедеги катачылыктарды оңдоону айтып жатабыз. Эртең шайлоо күнү өз тизмесин таппай калган адамдарда нааразычылык пайда болушу мүмкүн.

Мамлекеттик каттоо кызматы партия айткан катачылыктардын баарын оңдоп шаардагы шайлоочулардын тизмесин бекитти. Ага ылайык алдыдагы шайлоо алдында 36 миңден ашык шайлоочу катталды. Бул былтыркы добуш берүүгө караганда миңдей адамга көп.

Борбордук шайлоо комиссиянын аймактагы өкүлү Дамир Жүндүбаев тизме боюнча маселе жаралбай турганын айтат:

«Өнүгүү-Прогресс» партиясынын кайрылуусун БШК карап чыгып, тизмедеги кемчиликтер боюнча каттоо кызматы баарын оңдоп чыкты. Чындыгында шаардыктардын тизмесинде башка региондун тургундары кирип калган учурлар катталган. Азыр ал кемчиликтердин баары жоюлду. «Форма-3» боюнча дооматтар азыр каралып, тизмеге киргизилип жатат. Шайлоочулардын тизмесин тактоо бүгүн токтотулуп, каттоо кызматы Борбордук шайлоо комиссиясына жөнөтөт. Алар бизге добуш берүү күнүнө 10 күн калганга чейин так тизмени берет. Азыр аймактык шайлоо комиссиясына 35 500дөн ашык шайлоочунун тизмеси келип түштү.

31 мандаттуу Жалал-Абад шаардык кеңешине былтыр шайланган беш партиянын депутаттары мэр шайлоодо бириге албай, ушул жылдын март айында өзүн өзү таратуу чечимине келишкен. 350 млн сомдон ашык бюджети бар, республикадагы үчүнчү шаар аталган Жалал-Абаддагы шайлоо да көпчүлүктүн назарында болууда.

Калаа тургуну Сейдаалы Жээналиев буларды айтты:

Шаардык кеңештин мурдагы депутаттарынын эрегишүүсүнөн мамлекеттик бюджет бир топ зыян тартып отурат. Кимге пайда, кимге зыян? Ошол акчаны шаардын кайсы бир муктаждыгына иштетсек болмок. Калаанын бюджети да бекилбей, бир топ долбоорлор аткарылбай калып кетти. Эми бул жолкусунда татыктууларын шайлап, депутаттарды элге отчет берүүгө үндөшүбүз керек.

28-майда Жалал-Абад шаарынан сырткары Таш-Көмүр шаарында жана үч жергиликтүү кенештерде мөөнөтүнөн мурда шайлоо өтүүдө.

Булак: azattyk.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу