Жалал-Абадда уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалды. Видео

Мыйзамсыз курал боюнча ыкчам маалыматты текшерип жатып, милиция Жалал-Абаддагы батирден 9 жаранды колго түшүрдү. Алардын бирөөсү гана мурда соттолгон эмес, калгандары өзгөчө оор кылмышы үчүн мурда жоопко тартылгандар жана уюушкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү.

Жалал-Абад ОИИБ билдиргендей, батирди тинтүү учурунда документи жок, колго жасалган бир даана сайлуу ок атуучу курал жана 10-65 калибрдеги 8 даана ок-дарылар алынды. Далил буюмдарга баллистикалык экспертиза дайындалды.

 “Тергөө учурунда жогорудагы мыйзамсыз ок атуучу курал жана ок дарылар, мурда тоноочулук  жасап соттолгон Сузактын Чангыр-Таш айылынын тургуну, 1988-жылы туулган Т.Ы.га таандык экендиги такталып, ал убактылуу кармоо жайына киргизилди”,-деп билдиришти Жалал-Абад ОИИБден. 

Калган сегиз жаран боюнча тергөө амалдары жүргүзүлүп жатат.Териштирүү учурунда алардын арасынан уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү бар экени белгилүү болду. Ошондой эле тоноочулук, уурулук, адам өлтүрүү менен мурда соттолгон жана издөөдө жүргөндөрү да бар.

Бул факт боюнча топтолгон материалдар кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды.

Булак: Калыс Медиа 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу