Жакыт Сыдыков, куудул: «Бир нерсе болсо эле сахнадан кетирип ийесиңер да…»

—Жакут мырза, куудулдар менен ырчылар койгон концерттерден такыр эле көрүнбөйсүз. Маданияттын өкүлдөрү уюштурган иш чаралардан деле көрүнбөйсүз.  Сахнадан кеттиңизби?

—Бир нерсе болсо эле сахнадан кетирип ийесиңер да. Журналисттер эми көрбөй калып, биротоло кууп ийбесин деп ырчы Гүлжигит менен чыгармачылык сапарда жүрөм. Алдыда чакан-чакан, чоң-чоң, максаттарым бар. Эми алардын баарын ишке ашырганга аракет жасап атам. Нарынга көбүрөөк  барсаң аксылыктар жоголуп кеттиң дешет. Аксыга көп каттасам, алайлыктар сахнадан  кетирип ийишет. Ошого баардык жактарга барып, элге көрүнүп жүрөм. Журналисттердин эң көп суроосу кайда жүрөсүң болуп жатат. Силерге көрүнүү үчүн куудулдук өнөрүмдү күчөтөйүн деп жакшы номерлердин үстүндө тынымсыз аракеттенем го. Анын үстүнө ишкердик менен алектенип, убакытым тартыш болуп атат. Себеби сахна менен чектелсең бала-чаканын, турмуштун талаптарына тапканьң жетпей калат экен.

—Тынар, Абдылда өңдүү куудулдар менен чогуу көрбөйбүз. Сизди кошушпайбы же сиз кошулбайсызбы?

—Куудулдардын баардыгы  менен жакшы мамиледемин. Чогуу иштешип эле жүрөм.  Куудулдарды Тынар жана Абдылда менен чектебегиле, бизде куудулдар көп. Тынар мага чогуу иштейли деп айтып жүрөт, экөөнүн кошуп алалы деген ниети бар окшойт. Сунуштарын ойлонуп жүрөм. Эгер мен чечимди макул деп кабыл алсам жакын арада Тынар, мен, Абдылда болуп чогуу сахнада сатира ойнойбуз. Куудулдар чогуу иштешсе элге, өздөрүнө да жакшы. Бөлүнгөндө ийгилик эч качан болбойт.

—Куудулдар деле бирин-бири көрө албайт дешет…

—Сахнадан көрө албастыкты байкай элекмин. Куудулдар бири-бирибиздин ийгилигибиз менен аябай кубанабыз. Өзүмдүн ийгиликтүү адам экенимди билем. Баланча куудул ийгиликтүү эле деп ээрчибейм.

—Тамашалуу ырларды ырдап, ырчыларга ыр да жазып калчу элеңиз. Азырчы?

—Кичинемде куудул эмес, ырчы болгум келчү. Кийин гана куудулдук талантым бар экенин байкадым. Ырды бир аз таштап койгонум болбосо, азыр деле кээде ырдап коём. Үнүмдүн жакшы эмес экенин билем, ошого ырдагым келгенде ырдайм. Ырчыларга деле көп чыгармаларды жазып бере берем. Мени эч ким тыя албайт.

—Жазып берген ырларыңызга ырчылар ээлик кылып кеткенде автордук укуктарыңызды коргойсузбу?

—Азырынча автордук ырларымды башкалар ээлеп кете элек. Ырымды ырдап жүргөн ырчы карындаш-инилерим жакшылыктарда ырымдын сөзү же обону Жакут Сыдыковду деп айтып коюшпайт. Төмөнкү ырларымды сиздерге арнап коёюн, деп уялбай туруп ырдап коюшса бери жакта туруп унчукпай калам. Айтып коюшса сүйүнүп калат элем. Эмгегимди сыйлагым келет.

—Элди күлдүрүү оңойбу?…

—Азыр элге арнерсени айтсаң эле күлө бербейт. Кыргызды күлдүрүү үчүн бир топ эле аракеттерди, азаптарды башыңдан өткөрөсүң.

—Биздин куудулдардын айрымдары казак куудулу Турсынбекти туурай беришет, сизге байкалабы?

—Казак куудулу Турсынбекти эми айтпасаңыз деле кимдер туурап жүргөнүн жакшы билем. Аны мен эмес эл деле байкап, өзүнө да айтып жүрүшкөнүн угуп калам. Түштүк тараптагы куудулдар өзбектердин сатираларын кыргызчалап жүргөнүн көрүп атпайлыбы. Казак менен өзбектер биздин номерлерди которуп алышканын байкап жүрөбүз. Бул деген чыгармачылык, туураса эч нерсе болбойт. Мен андай нерселерди жасабайм.

—Ар бир номериңиздерде саясат бар. Концертке эл саясаттан чарчап барса саясатты айтасыздар. Бул менен күйөрмандарды жоготуп алуу коркунучу жокпу?

— Элдин көйгөйү саясат болсо анан бир аз кошуп кетүүгө туура келет. Толук 100% саясатты айткан номерим жок. Өзүмдүн саясый куудул деп эсептебейм. Жөнөкөй эле элдин эрке уулумун. Күйөрмандарымды жоготуп аламбы деп коркпойм, анткени кыйраткан күйөрмандарым жок. Анын үстүнө башкалардай болуп катуу эмгектенген эмесмин. Алдыда элди күлдүрө турган жакшы сатираларды чыгарайын деп далалаттанып жатам.

Сезим Мураталиева

БУЛАК: Мантыш 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу