Жакын арада Азимбек Бекназаров менен Роза Отунбаева камалабы?

«Ата Мекен» партиясынын юристери Канат Азиз жана Таалайгуль Токтакунованы Башкы прокуратурага 15-мартта саат 11.00го чакырышкан. Угушубузга караганда адвокатты кардарынын ишин аткарып жаткандыгы үчүн суракка чакырып жатат имиш.

Бирок мындай чакырууларга адамдар дагы акырындап көнүп бара жаткандай. Бул көрүнүш кимдир бирөөнү кубантса кимдир бирөөнүн психологиясына доо кетип, душман чогулткандан башка көрүнүш жоктой сезилет.

Ошентип Ак үй тараптагы оюндар азарынча толугу менен токтобойт. Оппозиция болсо күн жылып “жылт” этсе эле» … деп шымаланууда.

Дегенибиз менен, жакында эле өкүмдарыбыз Алмазбек Атамбаев “кеткенче дагы бир-эки адамды тарта кетемин”, деп айтканы эл арасында кызуу талкууга алынып, «дагы эмне шойкум болуп кетээр экен» деп, көпчүлүк Ак үйдүн 7-кабатына кулак түрүп турат.

Бизге жеткен маалыматтарга караганда кыргыз элине белгилүү, “эки революциянын атаманы”, “бульдозер” ылакабына ээ Азимбек Бекназаров камалат.

Эгерде чын эле Бекназаров камалып калса, бул көрүнүштүн аягы кандай болоор экен… “Бульдозер” ылакыбы унутулуп, дүйнөгө белгилүү топ 10дун ичине кирген Улуу Британиянын  Challenger 2  танкы” аталып жүрбөсө болду.  Анткени, Бекназаровдун көп болбосо дагы ээрчий турган эли бар дегендей.

А баса, Бекназаровдун артынан Роза Отунбаевага дагы тиги жактан коңгуроо кагылып, жоопко тартылат деген кеп уктук. Эми алар кандай кадамдарга барат күтө туралы. Экөөнү эки жол күтүп турат, эки жол тең азырынча Отунбаева менен Бекназаровго ийгиликсиз. Бирок жеңишке жүтүүнү мыкты өздөштүргөндөр. Кыскасы, кызыктар али алдыда…

Эмне дейбиз, «эки дөө кагышса ортодо кара чымын өлөт», дегендей «үч дөөгө» тең ынтымак, ыйман жана сабыр берсин…

Булак: NazarNews.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу