Жакында Аида Салянова камалабы?

Бүгүнкү күндө өлкөдө саясий оппоненттерине мыйзамсыз куугунтуктоолор орун алып жатканын, бийликтин алсыздыгы деп баамдасак болчудай. Буга далил Жогорку Кеңештин депутаты Аида Саляновага карата кылмыш ишинин козголушун айтсак болот. Бир топ убакыттан бери Саляновага каршы кылмыш ишин козгоп темир торго тыгуунун амалын издешүүдө, же аларынан майнап чыксачы. Аида Салянованын «Елисеевдин» лицензиясына байланышкан иши мыйзамдуу болгонун тергөө амалынын жүрүшүндө Юстиция министринин орун басары баш болуп, прокуратура, күч түзүмдөрүнүн кызматкерлери, жана юристтер баса белгилеп айтып чыгышканын Аида Салянова билдирди. Жогору жактан кандай жол менен болсо дагы Салянованы камагыла деген буйрук берилсе керек. Антпесе бул иш эбак  жабылып, Салянова толук акталышы керек болчу. Бирок алсыз бийлик, «темир айымдын» айбатынан коркуп андай кадамга барганга даай албай жатат. Учурда өлкөдө «мыйзамдын бийлиги эмес, бийликтин мыйзамы» иштеп жатканы, бул бийликти алыска узатпаары анык. Ал эми эртеңки күнү бийлик мыйзамды тебелеп Аида Салянованы камакка алса таң калбай эле койгула? Тилекке каршы, бүгүнкү күндө бизде адилеттүүлүк эмес,  «тирания» бийлиги үстөмдүк кылууда…

Ата Мекен фракциясынын депутаты, Аида Салянова фейсбуктагы баракчасына буларды жазды:

Урматтуу достор! Мага козголгон кылмыш иши тергелип бүттү. Төрт айдан ашык убакытта менин күнөөмдүн бир дагы далили табылган жок. Тескерисинче, чогулган матералдар менин кыймыл аракетим мыйзамга ылайык болгонун, юстиция министрлигинин он жылдаган практикасында бул мыйзамдуу көрүнүш болуп келгенин, катардагы адистен баштап министрдин орун басарына чейин лицензияны жандандырууда мыйзам бузуу болгон эмес дегенине карабай, саясий буйрукту кынтыксыз аткарышууда.

Булак: Чындык

Аргумент.kg
Жооп калтыруу