Жакындары түрмөдө отурса, Атамбаевдин чет өлкөгө саякаттап кетишине Түлеев такыр түшүнө албай турат

Бишкектин мурдагы мэри жакындары түрмөдөн чыккыча өзү эч жакка кетпегендигин эскерди

Мурдагы шаар башчы Нариман Түлеев Кыргызстандын мурдагы президенти Алмазбек Атамбаевдин жакындары УКМКнын коргонунда камалып жатса, чет өлкөдө саякаттап жүргөндүгүн сынга алды.

«Сен өзүңдүн командаңдагы деген адамдар камалып жатса, кантип чет өлкөгө барып эс алууга дитиң барат. Менин жакындарым түрмөдөн баары бошотулгуча мен эч жакка жылган эмесмин», — деп жазат Түлеев өзүнүн Twitter баракчасына.

Булак: Vesti.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу