Жакшы аял бул 5 нерсени жасабайт…

Уруш чыгарбайт

Жубайыңыз – акыл-эси, санаасы бар жеке бир инсан. Ал өз милдеттерин билет. Аны бир айтып, муну бир айтып, ар дайым сиз каалагандай болбой, «мээсин жей» бергенде сизден көңүлү калышы мүмкүн.

Чагымданбайт

Бул эч качан керектүү нерсеңизди айтпай отуруу деген сөз эмес. Үй-бүлөнүн материалдык абалын, эмне бар, эмне жок экенин сиз көбүрөөк билесиз. Жок нерсени айтып, түгөлдөп, үнөмдөп туруу керек. Бирок «жок» деп күндө айтып, аны тажаттып жибербеңиз.

Ушак айтпайт

Күйөөңүз курбуларыңызга, апаңызга үй-бүлөдөгү сырларды жайганыңызды каалабайт. Анын кемчилигин айтып, өзгөлөргө жамандаганыңыз таптакыр болбойт.

Сыйлап турууну унутпайт

Эркек киши аялынын өзүн сыйлап, баалай билгенин жакшы көрөт. Күйөөсүнүн айтканын аткарып, маанилүү маселелерде акыркы сөз эркектики болгону туура. Ал эми аялынын сөз талашып, сыйлабай, эркектик намысына тийгенин жек көрөт.

Башкалар менен салыштырбайт

«Тигинин күйөөсү мындай… аялына муну алып берет, каалаганын жасайт, ушундай жакшы! Ал эми сенчи? Колуңдан эмне келет?» деп айта көрбөңүз! Аны уккан күйөөңүздүн маанайы кетип, сизден көңүлү калып, өзүн жеп же тескерисинче «анда ошонун аялы болуп ал» деп коёт. Андан уруш башталат.

БУЛАК:zaman.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу