Жакшылык Матанов: «Жаман көрсөңөр көрө бергиле, эркекче айтайынбы»

Эркекче айтайынбы! Сапар Исаковду жактагандарды түшүнбөдүм, 6 ай эмне кылды? Ырчыларды чогултуп кошыпырганы эле болбосо, Калиев, Зилалиев деген бомбаларды жетелеп жүрбөдүбү? Анан каяктагы таза коом?  ТЭЦ окуясынан кийин бир кадам таштай албады, анан каяктагы 40 кадам? 6 ай эле иштеди дейсиңер ага чейин эмне Алайда кой кайтарып жүрдү беле? Жүрбөдү беле ошолордун жанында, 6 айда эмне болду? Ош базар 3 жолу өрттөндү, маршурттук таксилер иш таштады, ТЭЦ бузулду, жол кырсыктары көбөйдү. «Давайте» калп эле жагалдана бербегилечи. Бир гана «ошибка» СДПК фракциясынын депутаттарынын ишенбөөчүлүгү болду. Чындык, жаман көрсөңөр көрө бергиле.

Жакшылык Матановдун пикири Фейсбук баракчасынан алынды.

Булак: NazarNews.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу