ЖАКУТ СЫДЫКОВ МЕНЕН АЙЖАМАЛ КАБЫЛОВА «ҮЙЛӨНДҮ»

Куудул, пародист Жакут Сыдыков менен ырчы Айжамал Кабылова «үйлөндү». Тагыраак айтканда, экөө бир тасмада жубайлардын ролун ойношту. Тасма жаратуучулардын бири, «No name» командасынын мүчөсү Кадыр Жарматов тасма туурасында:

«Былтыр мен бир сценарий ойлоп баштагам. Башында Мурат Жалиев «буга кантип тасма тартмак элек?» деп күлгөн эле. Анан аракет кылып отуруп тасма жаралып калды. Актёр Жакут Сыдыков буга чейин тасмага тартылып жүргөнүнө карабай толкунданды. Ал эми ырчы Айжамал Кабылованын алгачкы ролу болгондуктан, анча-мынча кыйынчылыктар болду»,

— деп билдирди.

Булак: super.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу